Майкл Жексон бачабаз болгонбу? Ал тууралуу даректүү тасманын трейлери талкуу жаратууда

Американын HBO телеканалы легендарлуу ырчы Майкл Жексон тууралуу тартылган чуулгандуу даректүү тасманын трейлерин жарыялады. "Неверлендди таштап кетүү" аталышындагы тасмада Жексон бачабаздыкка күнөөлөнгөнү тууралуу сөз болот. Ролик НВО телеканалынын интернеттеги каналына жүктөлгөн.

Режиссёр Дэн Риддин 2 сериялуу тасмасына сынчылар "үрөйдү учурган коркунучтуу тасма" деген баа беришүүдө.

Төрт сааттык тасманын баш каармандары 40 жаштагы Жеймс Сейфчак жана 36 жаштагы Уэйд Робсон. Экөө тең алар 10 жана 7 жаш курактарында белгилүү поп-ырчы тарабынан сексуалдык зомбулук көргөндөрүн айтып беришет. Бийчи Уэйд Робсон алгачкы зомбулукту Неверленддеги ранчосунан көргөнүн айтат. Анда ал 14 жашка толо элек болгон. 30 жыл мурунку окуя тууралуу жабырлануучулардын туугандары да тастыктоочу маалыматтарды бөлүшкөн.

Ал эми маркум ырчынын үй-бүлөсү Робсон менен Сейфчакты алдамчылыкка күнөөлөшүүдө. Алар 2005-жылы эле бул окуя боюнча иликтөөлөр жүрүп, жыйынтыгында Майкл Жексон күнөөсүз болуп чыкканын эске салышат. Ошол сотто азыркы жабырлануучу катары көрсөтүлүп жаткан адамдар Жексон аларга эч нерсе кылган эместигин айтышкан.

"Неверлендди таштап кетүү" - бул даректүү тасма эмес, Майкл Жексонду өлгөндөн кийин дагы "өлтүрүү" аракети. Майкл азыр жок, ал өзүн-өзү коргой албайт. Ошон үчүн ушундай айыптарды тага берүү оңой", - дешет Жексондун жакындары.

Эки каармандын окуясында тең ырчы алардын кичинекейлигинен пайдаланып, ар кандай ыкмалар менен сексуалдык байланыш түзгөн. Ал балдар менен алгач оюн иретинде түрдүү катнаштын ыкмаларын уюштуруп, узак убакытка чейин ар кандай окуяларды айтып берип, аялдарга ишенбөөгө, алар алдамчы келерине ишендирген. Мунун негизинде өспүрүм балдардын психикасына доо кеткени айтылат тасмада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursiyanur
2019-02-20 19:54:14
Бачабаз не деген
+2
juka82
2019-02-20 20:15:06
nursiyanur,педофил
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан