"Мен эч качан эркек менен жыныстык катнашта болгон эмесмин". Кытайда аял толготуу учурунда төрөттөн баш тартты

Кытайдын жашоочусу толгоо учурунда "мен эч качан эркек менен жыныстык катнашта болгон эмесмин" деп баласын төрөөдөн баш тарткан. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Кытайдын Гуйчжоу провинциясындагы Гуйян шаарынын 20 жаштагы тургуну 6-февраль күнү ичи чыдатпай ооруганы үчүн ооруканага келип түшкөн. Дарыгерлердин айтымына караганда, бейтап өзүнүн кош бойлуу экендигин толук (толмоч денелүү) болгондугуна байланыштуу байкаган эмес. Ал кош бойлуу экенин моюнуна албай төрөөдөн баш тартып, дарыгерлерге кыздык белгисин текшерип берүүсүн талап кылган.

Врачтардын төрөт кабыл алуусуна кош бойлуу бейтап тоскоолдук жаратып, бул нерсе дарыгерлердин катачылыгы деп туруп алган. Ал эркек менен жыныстык катнашка бармак тургай жолукпаганын жана эркектерди жаман көрөрүн айткан. Күмөн санаган дарыгерлер андан "кайсы бир кечеден билбей калганча ичимдик ичип анан жыныстык байланыш болгон эмес белең?" деп сурашканда, ал ичимдик ичпесин айткан.

Кош бойлуу кыздын каршылыгына карабай, акыры дарыгерлер кесарево жолу менен төрөтүшкөн. Энеси ымыркайдын жанына жологусу да келбей койгондуктан аны кыздын ата-энесине өткөрүп беришкен. Учурда кыз ымыркайды балдар үйүнө берери же бербесин жана баланын атасы ким экендигин айтпай жаткан учуру.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
bessmertiy
2019-02-20 16:45:36
Кыз боозуп алып энесин коркутат болуптур да.
+24
Belle
2019-02-20 16:48:17
Өөөөөөлллляяяяяяя. Жерди токтотуп койгулачы түшүп кетейин...
+27
Mavlyuda
2019-02-20 16:50:41
Мына сага святая мариям болдум деп чыкпаса болду
+8
Erik2018
2019-02-20 16:51:54
Медицинада кыздар эркектер жуунучу жайга кирип жуунса дагы балалуу болуу ыктымалы бар. Анткени эркектин уругу кирип кетет.
0
tursunbaev78
2019-02-20 18:14:49
Erik2018,көк мээ жыныстык катнаш болбосо боюнда болбойт,дүйнөлүк практикада болбогон нерсени айтпа,бирөөдөн ушак угуп алып эле бул жерде дөөрүй бербе
0
jyrgalperi
2019-02-21 07:27:56
tursunbaev78кок мээ дебениз, сперма 12-13 саат бою кыймыл аракетте болот,кыздык белгиси бар болсо да спермага эч нерсе тоскоол болбойт,сперма тешик тапса боолду жыргаап кирип кетет. Баняда болобу же бассейндеби спермага баары бир эки дуйно бир кадам,вдруг тешик тапса эле все кирип жылуу жумшак жайгашыпалат.,
0
guli-1980
2019-02-21 10:31:55
tursunbaev78,болот экен
-1
raykray
2019-02-20 22:02:43
Erik2018,койчай баланы жаратыш учун канча тердеп бышып атып,анан тура койбой бутту асып жатып болдуратко?!(хе.хе). Же эркектер уругун банягада таштап кете береби
+3
NURSAPAR
2019-02-20 17:04:00
Кайыптан болгон го атын Кайыпбеди коюшсун,тааныгандар айтып койгулачы.
+10
Bodibilding
2019-02-20 18:25:54
Ортон колунан днк тестин алып коруш керек)))
0
Sakubek
2019-02-20 19:33:31
Оозунан кирсе керек да
+3
Altyn2017
2019-02-20 21:23:42
эркектин уругу бир жерге тушсода ошол урук 3 күнгө чейин жашайт байкабай ошол жерге олтура калган анан ал да байкатпай кирип кеткенда
+5
azamat7386
2019-02-20 21:32:31
Болушу мункун, бир кыз ваннага байкесинин артынан кирип жуунуп боюнда болуп калган деп окуган элем
0
Sambet08
2019-02-20 22:30:32
Кытайлар эми жыныстык катнашы жок эле бала торогонду ойлоп табышкан окшойт невала
+4
Paprikafm
2019-02-21 02:27:38
Sambet08,жардыңго
0
sunai87
2019-02-21 10:17:53
банядан кириши толук мумкун сперма чыдамкай келет да ошондуктан баняга киргенде буюмдарды толук кайнак сууга чайкоо керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан