Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: "Президент өзүнүн ыйгарым укугунан чыкпай, ошонун деңгээлинде иштеп жатканына ыраазы болушубуз керек"

Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.

Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди.

Анын айтымында, президент Жогорку Кеңештин, өкмөттүн ишине кийгилишпей жатканы жакшы нерсе.

“Өкмөттү алсыз деп айтуу кыйын. Бул өкмөттүн иштеп жатканына бир жыл болду. Алар жаңыдан бутуна туруп жатат. Азыркы премьер-министр мурунку өкмөт башчыларга караганда саясатка кийлигишпей, өзүнүн иши менен алек болуп жатканы жакшы нерсе. Ал эми парламент өзүнүн функциясын, ыйгарым укуктарын жеткире аткара албай жатат. Негизи парламенттик өлкө болгондон кийин алардын колунда күч бар. Алар деңгээлине, күчүнө жараша иштеп жатат. Көз карандысыз, деңгээли күчтүү депутаттар болгондо мамлекетибиздин жолу башкача болмок беле. Жогорку Кеңеш өкмөттүн айрым маселелери боюнча начар иштеп жатса жоопкерчиликти моюнуна алышы керек. Кадрларды алар тандап жатат. Ошол эле кезде кийин алар иштебей жатса өкмөттү күнөөлөөдө. Депутаттар жоопкерчиликти өзүнүн моюнуна алса, өкмөткө бут тоспой жардам бергенге аргасыз болот. Президенттин ыйгарым укугу чектелген. Бүгүнкү күндө президент өзүнүн ыйгарым укугунан чыкпай, ошонун деңгээлинде иштеп жатканына ыраазы болушубуз керек. Жогорку Кеңештин өкмөттүн ишине кийлигишпей жатканы жакшы нерсе”, - дейт Кадырбеков.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан