Корея өкмөтү сулуу жана арык болгон k-pор жылдыздарын эфирден азыраак көрсөтүүнү сунуштаганы айтылды

Түштүк Корея өкмөтү k-pор жылдыздарын телеканалдан көрсөтүүгө чектөө киргизүүнү сунуштады. Муну менен бийлик маданий чөйрөнү ар тараптуу кылууну демилгелеген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында k-pор жылдыздары сулуулук, сырткы келбет боюнча жогорку стандарттарды коюу менен көпчүлүккө терс таасирин тийгизип жатышат.

"Музыкалык программаларга катышкан ырчылардын баары эгизби? Чындыгында эле баары бири-бирине окшош. Баары арык, кийимдери ачык, чач жасалгасы, боёнгону окшош", - деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Оппозиция өкүлдөрү мында музыканттардын сырткы келбети цензурага кабыларын айтып, каршылык иретинде петиция жөнөтүшкөн. "Бийликтегилер сулуу, арык болгон k-pор жылдыздарын телеберүүлөрдөн азыраак көрсөтүүнү айтып жатышат. Бул Чон Ду Хвандын аскердик диктатурасы учурунда жазылган чач менен юбканын узундугу боюнча чектөөдөн айырмасы жок", - деп жазылат оппозициялык партиянын билдирүүсүндө.

Бийлик өкүлдөрү сунуш милдеттүү түрдө эмес экенин белгилеп, жыйынтыгында демилгени артка кайтарып алышканы маалым болду.

Түштүк Кореяда ар бир үчүнчү айым пластикалык операция жасатканы айтылып жүрөт. Косметикалык хирургия өнүккөндүктөн сулуулукка көп көңүл бурулат. К-Рор жылдыздары сулуу, таланттуу болгону үчүн аларды идеалдуу адам катары баалап келишет. Мындан улам k-pор ырчыларын "айдол" деп аташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан