Жогорку Кеңеште Дооронбек Садырбаевдин кинотасмаларынын жумалыгын өткөрүү сунушталды

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңеште Дооронбек Садырбаевдин кинотасмаларынын жумалыгын өткөрүү сунушталды. Бул тууралуу жыйында депутат Мирлан Бакиров айтты.

"Кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин көзү тирүү болгондо 80 жашка толмок. Ал мамлекеттин маданиятынын өнүгүшүнө салым кошкон. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги буга көңүл бурушу керек. Анын 80 жылдык мааракесин өткөрүүнү сунуштайм. Ошондой эле Садырбаевдин кинотасмаларынын жумалыгын өткөрүү шарт", - дейт Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан