Парламентте өкмөт жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамдын жоболорун иштеп жатканы айтылды

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков өкмөт жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамдын жоболорун иштеп жатканын айтты.

"Чүй облусунун эли жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча Ак Үйдүн алдына келип, бизге кайрылуу жолдоду. Бул маселе боюнча Юстиция министрлигинде мыйзамдар даярдалып, экинчи этапта мыйзамдын долбоору түзүлүп Жогорку Кеңешке келет. 2017-жылы жерлерди трансформациялоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, 9 миң гектарга жакын жерди трансформация кылуу боюнча мыйзамды өкмөткө бердик эле. Өкмөт жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамдын жоболорун иштеп жатат", - деди Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан