Китеп сымал ачылып-жабыла турган Samsung Galaxy Fold гибрид-смартфону коомчулукка көрсөтүлдү. Анын 6 камерасы бар

Samsung Galaxy Fold - бүктөлмө, жаңы форматтагы смартфон. Samsung компаниясы бул смартфондун сүрөттөрүн жана видеосун коомчулукка расмий көрсөттү.
Galaxy S10 линиясындагы смартфондор менен катарлаш чыккан Samsung Galaxy Fold - бул бир эле учурда смартфон жана планшет катары да колдонулат. Ачылып турган абалында ал 7 дюйм өлчөмүндөгү планшетке айланат. Ал эми жабылып турганда кадимки телефондун эле көлөмүндөй колдоно берүүгө болот. Чоң экран бир гана интернет колдонуп, видео көрүү үчүн эмес, ал бир учурда экрандан бир нече тиркеме менен иштей берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Galaxy Fold үчүн атайын тең ортосунан бүктөп коюуга боло турган Infinity Flex дисплейи иштелип чыккан. Бүктөлгөн жеринде эч кандай эки жакка бөлүп турган сызык же ачык жер байкалбайт. Көп жолу ачып-жапканда экранга зыян келбегидей жасалган. Негизги экрандын диагоналы 7,3 дюйм. Ал эми аны бүктөгөндө кадимки смартфонго айланат. Смартфон катары колдонуу үчүн аппаратты жапканда, артындагы диагоналы 4,6 дюймду түзгөн кошумча экран ишке кирет. Дал ушул экрандан смартфон катары колдонуп, чалууларды аткарып иш кыла берүүгө мүмкүн.
Ачылгандан кийинки чоң экранга келсек, иштөө үчүн бир учурда бир нече тиркемени иштетүүгө болот. Мисалы, ойноп отуруп мессенжерлер аркылуу кат алышуу же кино көрүп отуруп ойноп жана кат алыша берсе да болот. Максималдуу алып караганда экрандан 1 учурда 3 программаны ачууга болот. Иштеп чыккан компания планшет катары колдонуу учурунда чалууларды жүргүзүү жана смс кат алышуу бир аз ыңгайсыздыкты жаратарын жашырбайт.
Galaxy Fold смартфону Android 9.0 менен иштеп, эки дисплейдин ортосунда бирдей иштөөгө мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, кичинекей экранда ачылган тиркемени же программаны жаппай туруп чоң экранга өткөрүп кетүүгө болот.
Элестетиңиз! Жаңы гаджетте 6 видеокамера бар. Негизги камера жайгашкан тарапта 3 камера бар. Ал планшет ачылып турган абалда иштейт. Ал Galaxy S10 смартфонунун камерасыныкындай. Чоң экрандын маңдайкы бурчунда дагы 2 камера бар. Калган 1 камерасы смартфон жабылып турган абалдагы сыртында жайгашкан. Бул селфи тартууга жана видео чалуу үчүн колдонулат.

Гибрид смартфон-планшеттин процессору 8 ядерлүү. Мындан тышкары кошумча 12 ГБ (LPDDR4x) оперативдүү эс-тутуму жана 512 ГБ туруктуу эс-тутуму бар.

АКШда бул гибрид смартфон 26-апрелде 1980 доллардын айланасындагы баа менен (сом менен болжолдуу 138 миң сомдон ашык) сатыкка чыгат деген маалыматтар бар. Ал эми Орусияда 2019-жылдын экинчи жарымында сатыкка чыгышы мүмкүн. Болжолдуу баасы азырынча айтыла элек.

Китеп сымал ачылып жабылма Samsung Galaxy Fold гибрид-смартфону
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekhaliev
2019-02-21 15:55:01
Уфф эми ушуну алам,кооп акча таап алсам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан