КҮНСОБОЛ: Бийликти кескин сындаган укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып турганы көрүнөт.

Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет. Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийликти кескин сындап келе жаткан укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча жашыруун камерага тартылган видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "Токтакуновдун жеке турмушу боюнча видеону тараткан адамды таап, жоопко тартыш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев укук коргоо органдары видео кимдер тараптан таратылып жатканын таап чыгуу зарыл экенин айтты.

“Бул видео бийлик же анын душмандары тарабынан жарыяланганы белгисиз. Бирөөнүн жеке жашоосун жашыруун видеого тартып, жарыялаган туура эмес. Юрист арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Алар видеону тараткан адамды таап чыгуусу зарыл. Адамдын жеке жашоосун коомчулукка жарыялагандарды таап, жоопко тартыш керек”, - дейт Бекешев.

КАРАМУШКИНА: "Бийлик Нурбек Токтакуновдун билдирүүлөрүн фактылар менен жокко чыгара албайт"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина оппоненттерди каралоо жолу менен жолдон алуу алсыздардын иши деген пикирин айтты.

"Ким бийликке каршы чыга калса эле дароо жеке жашоосундагы видеолорду таратып жиберүү - бул атайын кызматтардын эң төмөн кесиптик деңгээли. Демек, ар бирибизди жашыруун видеого тартып алышат экен да. Бул өтө төмөн ыпластык аракет, жүзү каралык. Кесипкөй адистер андай нерсе кылышпайт. Муну алсыз адамдар гана жасайт. Ар бир белгилүү саясатчы жөнүндө андай видеолору болсо керек. Эртең мен тууралуу видео чыгарышса, андан кийин башкасы тууралуу чыгат. Мындай кадам менен оппоненттерин жолдон алуу - бул бийликтин алсыздыгы. Алар Токтакуновдун билдирүүлөрүн фактылар менен жокко чыгара алышпайт. Кишинин көңүлдөш күтүүсүнө мыйзам тыюу салбайт да. Ошол видеону тартып, тараткандардын бир нече көңүлдөшү бар болсо керек", - деди Карамушкина.

АЙТИКЕЕВ: "Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин кылган аракети өтө төмөн деңгээлдеги саясат"

Журналист Адилет Айтикеев бийлик ыплас аракеттери менен Курманбек Бакиевдин учурунда болгон көрүнүштөрдү кайталап жатат деген пикирин айтты.

"Социалдык тармактарга Нурбек Токтакуновду каралоо иштери жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Себеби түшүнүктүү болсо керек. Нурбек Токтакунов бийликтин абийирин ачкан, ошол эле учурда Сооронбай Жээнбековдун саясий беделине таасирин тийгизе турган материалдарды жарыялабады беле. Ал фактыларга, күбөлөрдүн материалдарына таянып жарыялады. Нурбек Токтакунов курч маанайда кескин пикирин билдирип жаткан. Мындай көрүнүштөргө өзүбүз күбө болуп келдик.

Курманбек Бакиевдин учурунда айрым саясатчыларга карата ушундай мамиле болгон. Утурумдук өкмөттүн да, Алмазбек Атамбаевдин учурунда да болгон. Ошол учурдагы ыплас саясий ыкмалар колдонулуп жатат. Азыркы бийлик ыймандуумун, Кудайга жакынмын деген Сооронбай Жээнбековдун молдо бийлигинин кылган аракети өтө төмөн деңгээлдеги саясат. Бийлик өзүнүн оппоненттери менен күрөшүү үчүн өтө төмөн ыплас аракеттерге барарын билдирет. Албетте, эртең УКМК актанып "биздин тиешебиз жок, күнөөлүүнү табабыз, жоопко тартабыз" деген маалыматтарды берет. Мындай нерсени жеке адамдар эмес, атайын кызмат жасай алат. Ошолордо гана бирөөлөрдү аңдымай, жеке жашоосун видеокөзөмөлгө алмай бийликтин, УКМКнын колунан келе турган иш. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги өтө ыплас, жийиркеничтүү жолго түшүптүр. Бул бийликтен жакшылык күтүүгө болбойт. Өз бийлигин сакташ үчүн ар кандай амалдарга барат. 2020-жылы бийликтин адамдары биригип, балким, Асылбек Жээнбеков баш болуп парламентке баруу, андан кийин Кыргызда абсолюттук бийлик орнотсок деген ниеттери бар. Эски жаман көрүнүштөрдү кайталап жатат", - деди Айтикеев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Адамдын жеке жашоосуна видеокамера коюу бийликтин гана колунан келет"

Экс-депутат Равшан Жээнбеков жеке жашоого кийлигишүү бийликтин өзүнө татыктуу оппозиция болгондо токтойт деген пикирде.

“Чындыгында мындай аракеттер канткенде токтойт, азырынча жолдорду көрбөй турам. Адатта бийликтин жаратылышы өзгөрсө мындай нерселер токтойт. Бийликте коомдон коркуу сезими пайда болсо, өздөрүнө татыктуу оппозиция болгондо, ошондой эле укук коргоо органдарынын үстүнөн коомдук жана парламенттик көзөмөлдү күчөтө турган болсок токтойт. Мына ошондо жеке нерселерге өтүү, мыйзамсыз үйүнө чейин видеокамера коюп, тартуу ошондо токтошу мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү атайын кызматтар гана колдоно алышат. Бул жерде үйүнө чейин кирип барып камера коюуга УКМКнын, ИИМдин, президенттин сакчыларынын же Каржы полициясынын гана мүмкүнчүлүктөрү бар. Негизинен мындай иштер бийликтин гана колунан келет. Ошондуктан биз бийликти көбүрөөк көзөмөлдөгөнгө аракет кылышыбыз зарыл”, - деди Жээнбеков.

СООРОНКУЛОВА: "Ар бирибиз мындай ыкманын курмандыгы болуп калышыбыз мүмкүн"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул нерсе эң ыплас ыкма экенин белгиледи.

"Буга чейин мындай ыкма журналист Адилет Айтикеевге да колдонулганы эсиңиздерде болсо керек. Телефонду тыңшоо, электрондук почтаны окуу, артынан аңдып жүрүү, жашыруун видеого түшүрүү бул нерсенин баары мыйзамсыз аракет болуп саналат. Мындай иштерди жасагандар сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Бул нерселерди аткаруу үчүн соттун уруксаты керек. Негизи мунун баарын Башкы прокуратура көзөмөлдөшү керек болчу. Ар бирибиз мындай ыкманын курмандыгы болуп калышыбыз мүмкүн. Жеке турмуштун кол тийгистиги - адамдын негизги Конституциялык жеке укуктарынын бири болуп саналат. Бул нерсе Конституция менен корголгон", - дейт Сооронкулова.

БУЛАТОВ: "Бийлик алсыз болгон үчүн бирөөнүн жеке турмушу боюнча видео таратып жатат"

Укук коргоочу Качкын Булатов Токтакуновдун оозун жабыш үчүн ушундай ишке барып жатышат деген пикирде.

“Коррупцияга малынгандар, уурулар коркот. Токтакуновдун оозун жабыш үчүн ушундай ишке барып жатышат. Анын бийлик тууралуу айткан сөзү бычактай эле тийип жатат. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча айткан сөзү жыйынтык бере элек. Бийлик алсыз болгон үчүн бирөөнүн жеке турмушу боюнча видео таратып жатат. Атамбаев дагы өз убагында алсыз болуп Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду камаган”, - дейт Булатов.

УМУРАЛИЕВА: "Күч түзүмү ким, эмне үчүн мындай видеону таратып жатканын иликтеши керек"

Укук коргоочу Калича Умуралиева адамдын жеке турмушу боюнча видео таратуу туура эмес деген пикирде.

“Видео тууралуу маалыматым жок экен. Бирок мындай видеону таратуу туура эмес. Бул каралоонун бир ыкмасы. Саясий күрөшүүдө ар кандай нерселер колдонулат. Мындай ыплас аракеттерди мыйзамдар менен токтотсо болот. Токтакунов арыз жазса болот. Күч органдары тактап, ким, эмне үчүн мындай видеону таратып жатканын иликтеши керек. Мындай нерсе биринчи жолу болуп жаткан жок”, - дейт Умуралиева.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан