Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров чет элдик номердеги унаалар жол эрежесин бузса кантип айып пул салына турганын сурады.
"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашканына 10 күн болду. Бул аралыкта жетишкендиктер жана кемчиликтер чыгып жатат. Бишкек шаары кыйла иретке келип калды. Чет элдик номердеги унаалар жол эрежесин бузса кантип айып пул салынат? Биздин жарандарга айып пул салынып, чет мамлекеттен келгендерге салынбайбы?" - дейт депутат.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул көйгөйлүү маселе экенин билдирди. Анын айтымында, бул маселе жакын арада чечилип, Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте иш алып бара турганын белгиледи.
Жыйында "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.