Депутат Дастан Бекешев: "Токтакуновдун жеке турмушу боюнча видеону тараткан адамды таап, жоопко тартыш керек"

Интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып турганы көрүнөт.

Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет. Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийликти кескин сындап келе жаткан укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча жашыруун камерага тартылган видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев укук коргоо органдары видео кимдер тараптан таратылып жатканын таап чыгуу зарыл экенин айтты.

“Бул видео бийлик же анын душмандары тарабынан жарыяланганы белгисиз. Бирөөнүн жеке жашоосун жашыруун видеого тартып, жарыялаган туура эмес. Юрист арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Алар видеону тараткан адамды таап чыгуусу зарыл. Адамдын жеке жашоосун коомчулукка жарыялагандарды таап, жоопко тартыш керек”, - дейт Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, журналист Адилет Айтикеев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочулар Качкын Булатов, Калича Умуралиеванын пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан