Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Ар бирибиз мындай ыкманын курмандыгы болуп калышыбыз мүмкүн"

Интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып турганы көрүнөт.

Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет. Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийликти кескин сындап келе жаткан укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча жашыруун камерага тартылган видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал бул нерсе эң ыплас ыкма экенин баса белгиледи.

"Буга чейин мындай ыкма журналист Адилет Айтикеевге да колдонулганы эсиңиздерде болсо керек. Телефонду тыңшоо, электрондук почтаны окуу, артынан аңдып жүрүү, жашыруун видеого түшүрүү бул нерсенин баары мыйзамсыз аракет болуп саналат. Мындай иштерди жасагандар сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Бул нерселерди аткаруу үчүн соттун уруксаты керек. Негизи мунун баарын Башкы прокуратура көзөмөлдөшү керек болчу. Ар бирибиз мындай ыкманын курмандыгы болуп калышыбыз мүмкүн. Жеке турмуштун кол тийгистиги - адамдын негизги Конституциялык жеке укуктарынын бири болуп саналат. Бул нерсе Конституция менен корголгон", - дейт Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, журналист Адилет Айтикеев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочулар Качкын Булатов, Калича Умуралиеванын пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан