"Адамдын жеке жашоосуна видеокамера коюу бийликтин гана колунан келет" дейт экс-депутат Равшан Жээнбеков

Интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып турганы көрүнөт.

Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет. Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийликти кескин сындап келе жаткан укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча жашыруун камерага тартылган видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?" деген собол салды.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков жеке жашоого кийлигишүү бийликтин өзүнө татыктуу оппозиция болгондо токтойт деген пикирде.

“Чындыгында мындай аракеттер канткенде токтойт, азырынча жолдорду көрбөй турам. Адатта бийликтин жаратылышы өзгөрсө мындай нерселер токтойт. Бийликте коомдон коркуу сезими пайда болсо, өздөрүнө татыктуу оппозиция болгондо, ошондой эле укук коргоо органдарынын үстүнөн коомдук жана парламенттик көзөмөлдү күчөтө турган болсок токтойт. Мына ошондо жеке нерселерге өтүү, мыйзамсыз үйүнө чейин видеокамера коюп, тартуу ошондо токтошу мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү атайын кызматтар гана колдоно алышат. Бул жерде үйүнө чейин кирип барып камера коюуга УКМКнын, ИИМдин, президенттин сакчыларынын же Каржы полициясынын гана мүмкүнчүлүктөрү бар. Негизинен мындай иштер бийликтин гана колунан келет. Ошондуктан биз бийликти көбүрөөк көзөмөлдөгөнгө аракет кылышыбыз зарыл”, - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, журналист Адилет Айтикеев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочулар Качкын Булатов, Калича Умуралиеванын пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан