Интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып турганы көрүнөт.
Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет. Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийликти кескин сындап келе жаткан укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча жашыруун камерага тартылган видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?" деген собол салды.
Укук коргоочу Качкын Булатов Токтакуновдун оозун жабыш үчүн ушундай ишке барып жатышат деген пикирин айтты.
“Коррупцияга малынгандар, уурулар коркот. Токтакуновдун оозун жабыш үчүн ушундай ишке барып жатышат. Анын бийлик тууралуу айткан сөзү бычактай эле тийип жатат. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча айткан сөзү жыйынтык бере элек. Бийлик алсыз болгон үчүн бирөөнүн жеке турмушу боюнча видео таратып жатат. Атамбаев дагы өз убагында алсыз болуп Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду камаган”, - дейт Булатов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, журналист Адилет Айтикеев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Калича Умуралиеванын пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.