Интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып турганы көрүнөт.
Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет. Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийликти кескин сындап келе жаткан укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча жашыруун камерага тартылган видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?" деген собол салды.
Суроого жооп берген укук коргоочу Калича Умуралиева адамдын жеке турмушу боюнча видео таратуу туура эмес деген оюн айтты.
“Видео тууралуу маалыматым жок экен. Бирок мындай видеону таратуу туура эмес. Бул каралоонун бир ыкмасы. Саясий күрөшүүдө ар кандай нерселер колдонулат. Мындай ыплас аракеттерди мыйзамдар менен токтотсо болот. Токтакунов арыз жазса болот. Күч органдары тактап, ким, эмне үчүн мындай видеону таратып жатканын иликтеши керек. Мындай нерсе биринчи жолу болуп жаткан жок”, - дейт Умуралиева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, журналист Адилет Айтикеев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.