Бүгүн, 21-февралда белгилүү ишмерлер тарабынан "Адилеттүүлүк үчүн" деп аталган комитет түзүлгөнү белгилүү болду.
SUPER.KG порталы аталган комитеттин түзүлүшү, максаты, мүчөлөрүнө кызыгып көрдү. Бул боюнча комитеттин түзүүчүлөрүнүн бири, саясатчы Равшан Жээнбеков жооп берди. Жээнбеков бул жаңы гана түзүлгөн уюм экенин, келечекте кучагын кенен жайган, көп маселелерди чечүүгө таасир эткен комитет болоруна ишенерин белгиледи.
"Кыргыз өлкөсүндө акыркы жылдарда маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатат. Мисалы, өлкөдө мурдагы жылдарга салыштырмалуу сөз эркиндиги аябагандай өнүктү. Бул мамлекеттин келечеги, өнүгүүсү үчүн аябагандай маанилүү фундамент болуп эсептелет. Ошол сөз эркиндигинин жакшырышына биздин коом, биздин журналисттер, биз аябагандай чоң эмгек кылдык, аны кандайдыр бир деңгээлде орното алдык.
Бирок бизде адилеттүүлүк маселесиндеги көйгөйлөр курч бойдон турат. Сот адилеттүүлүгү, өлкөдөгү социалдык адилеттүүлүк, билим берүү тармагындагы, мыйзамдагы адилеттүүлүк маселелери коомду, бизди көп кабатыр кыла баштады. Ошондуктан биз комитетти мен айтып жаткан адилеттүүлүктөр үчүн күрөшүүнү көздөп түздүк", - деди Жээнбеков.
Маалым болгондой, бул комитет укук коргоочу Рита Карасартова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, мурдагы элчи Кылычбек Султан жана саясатчы Равшан Жээнбеков тарабынан демилгеленип түзүлгөн.
"Бул уюмдун эшигин ачык кармайбыз. Биздин максаттарыбызга, багытыбызга кошулууну каалагандар болсо кубанычта болобуз. Уюмдун эрежелери так жазылган, аны колдогондор кошулабыз десе чакырууга даярбыз жана кызыкдарбыз.
Пландар түзүлгөн - кыймылдын курамын кеңейтүү, коомдогу маанилүү саясий-социалдык маселелерге активдүү аралашуу, аны оң жакка чечилишине таасир этүү. Акырындап саясий, укуктук акцияларды өткөрүү менен өлкөдө адилеттүүлүк аксап жаткан тармактарда адилеттүүлүктү орнотууну көздөйбүз. Бийлик же бийликтин бутактары тарабынан кайсы бир тарапка адилетсиз мамиле жасалып жатса биз кийлигишип, көз карашыбызды айтып, күрөшүп, талап кыла турган уюм болобуз", - деди Жээнбеков.