Депутат Ирина Карамушкина: "Бийлик Нурбек Токтакуновдун билдирүүлөрүн фактылар менен жокко чыгара албайт"

Интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып турганы көрүнөт.

Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет. Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликти кескин сындап келе жаткан укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча жашыруун камерага тартылган видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?" деген соболуна депутат Ирина Карамушкина салды.

Ал оппоненттерди каралоо жолу менен жолдон алуу алсыздардын иши деген пикирин айтты.

"Ким бийликке каршы чыга калса эле дароо жеке жашоосундагы видеолорду таратып жиберүү - бул атайын кызматтардын эң төмөн кесиптик деңгээли. Демек, ар бирибизди жашыруун видеого тартып алышат экен да. Бул өтө төмөн ыпластык аракет, жүзү каралык. Кесипкөй адистер андай нерсе кылышпайт. Муну алсыз адамдар гана жасайт. Ар бир белгилүү саясатчы жөнүндө андай видеолору болсо керек. Эртең мен тууралуу видео чыгарышса, андан кийин башкасы тууралуу чыгат. Мындай кадам менен оппоненттерин жолдон алуу - бул бийликтин алсыздыгы. Алар Токтакуновдун билдирүүлөрүн фактылар менен жокко чыгара алышпайт. Кишинин көңүлдөш күтүүсүнө мыйзам тыюу салбайт да. Ошол видеону тартып, тараткандардын бир нече көңүлдөшү бар болсо керек", - деди Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, журналист Адилет Айтикеев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочулар Качкын Булатов Калича Умуралиеванын пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан