ЖЫЛНААМА, 22-ФЕВРАЛЬ: АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон 287 жыл мурун жарык дүйнөгө келген

АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон 1732-жылы 22-февралда Виргинияда төрөлгөн. Анын атасы бай плантатор жана кул ээлөөчү болгон. 11 жашында атасы каза болуп, аталаш агасы Лоуренстен тарбия алган. Билимди үйдөн алгандыктан өзүнчө окуп билим алганга аракет кылган. Келечектеги кул ээлөөчү болсо да кулчулукка каршы болгон. 1749-жылдан баштап Маунт-Вернондо 18 кулга ээ болгон. Майор наамында виргиниялык 4 элдик кошуундун биринде командир болгон. Полковник наамын алган Жорж Вашингтонго 1756-жылы 7 жылдык согушта өзүнүн элдик кошууну менен колониянын батыш чек арасын сактоо тапшырмасы берилген.

Жорж Вашингтон Британиянын колониалдык саясатына каршы болуп, аталган бийликтин иштерин сындаган. Вашингтон эл арасында белгилүү болуп, согуш учурунда эрдигин, жогорку моралдык сапаттарын жана туруктуулугун көрсөтө алган.

Колониялар британдыктар менен бир чечимге келишпестигин билип, аскер формасын кийген. 1775-жылы 15-июнда Конгресстин чечими менен континенталдык армиянын башчысы болот. Ал армияны Түндүк Америка эгемендүүлүккө жеткиче башкарган.1783-жылы ноябрда Париждеги тынчтык келишиминен кийин Вашингтон отставкага кеткен. 1789-жылы 30-апрелде ал өзүнүн кадыр-баркы жана популярдуулугу менен өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1792-жылы кайрадан 4 жылга президенттикке шайланган.

Ал АКШнын тарыхында президенттик шайлоодо шайлоочулардын 100 пайыз добушун алган жалгыз президент болгон. Вашингтон Ак Үйдүн курулушунун негиздөөчүсү жана пайдубалына эң алгачкы ташты ыргыткан адам болгону менен, өзү эч качан ал жерде жашаган эмес. Ак Үйдүн курулуш иштери ал көз жумгандан кийин гана аягына чыккан.

Көпчүлүк Жорж Вашингтонду ал кезде мода болгон жасалма чач кийчү деп ойлойт. Бирок андай эмес, өлкө башчысы өзүнүн табигый чачтарынын түсү сары болгондуктан упа менен түсүн өзгөртүп турган. Жорж Вашингтондун сүрөтү 1 доллар номиналындагы акчага түшүрүлгөн.

Жорж Вашингтон 1799-жылы 14-декабрда 67 жаш курагында каза болгон.

22-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан