Бүгүн, 22-февралда "Ата Мекен" фракциясында Бишкектеги көчө-жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун аткарылышы тууралуу маселе каралууда.
Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, 2016-жылы шаардын көчө-жол тармагын өнүктүрүү боюнча биринчи фаза долбооруна кол коюлган. "Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай тараптан 478 миллион 900 юань бөлүнгөн. Долбоор 2016-2018-жылга чейин ишке ашышы керек болчу. Ага ылайык, Бишкектин 95 чакырым жолу оңдолмок. Бирок 85,5 чакырым жол гана оңдолгон. Мындан тышкары 6 көпүрө курулуп бүтүшү керек эле. 5 гана көпүрөнүн курулуш иши бүткөн", - дейт Шыкмаматов.