Өзүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүмүн деп тааныштырып, мамлекеттик мекемелерди текшерип жүргөн 39 жаштагы М.Н.К. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, ал 2018-жылдын март айынан тартып, 2019-жылдын 20-февралына чейинки аралыкта Талас, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарындагы айрым ооруканаларды текшерип, акча алууну максат кылган. Бирок өзүнүн берген көрсөтмөсүндө коркуп эч бир мекемеден акча ала албай калганын айткан.
Ал эми колундагы жасалма документти интернеттен карап өз алдынча жасап көтөрүп жүргөнүн билдирген.
Маалыматка караганда, ал 20-февраль күнү Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын №3 аймактык бөлүмүнүн каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшерип, аталган бөлүмдүн жетекчисинен акча алуу үчүн жолугушууга барганда УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.
Кармалган адам Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.