Бишкекте Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата көк бөрү боюнча достук мелдеши старт алды

Бүгүн, 23-февралда Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеш старт алды.

Мелдеш 4 команданын катышуусунда өтүп, ага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып жатат.

Жогорку Кеңештин курама командасы бул мелдеште спикер Дастанбек Жумабековдун баштоосунда катышып жатса, өкмөттүн курама командасынын башында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров турат.
Командалар дароо жарым финалдык баскычтан күч сынашып баштайт. Анда алгач өкмөт менен Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги беттешсе, Жогорку Кенештин курамасы журналисттер менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан