Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

Бүгүн, 23-февралда Бишкек шаарында Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга депутат Абдывахап Нурбаев катышты. Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин 2019-жылга карата иш планын бекитүү мерчемделген. Буга байланыштуу ишкерликти жана өндүрүштү өнүктүрүү багытында тиешелүү ассоциациялардын жана уюмдардын сунуштары талкууланды.

Депутат Абдывахап Нурбаев жыйында айтылган маселелердин бардыгы ишкерлик тармагын эле өнүктүрүүгө багытталбаганын белгилеп, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн көтөрүүгө тиешелүү көптөгөн сунуштар да талкууланарын кошумчалады. Муну менен катар аталган кеңеш көйгөйлөр менен аны чечүү жолдору ачык сүйлөшүлгөн аянтчага айланганын айткан Нурбаев ар кайсы тармактардын өкүлдөрүнүн пикирлери эске алынып даярдалган долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жатканын да билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан