Венесуэлада гуманитардык жардам алып кирүүдө 300 киши жаракат алып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кагылышуу Колумбия менен Венесуэланын чек арасында орун алды. Жоокерлер гуманитардык жардамдын киришине каршы болуп ок чыгарышты.
Венесуэланын оппозициялык лидери, өзүн өлкө президенти деп жарыялаган Хуан Гуайдону гуманитардык жардамдын киришин жактоодо. Ал эми өлкөнүн президенти Николас Мадуро чек араны жабууну жана АКШдан келген гуманитардык жардамды өлкөгө киргизүүгө каршы.
Венесуэладагы экономикалык кризистен улам өлкөдө саясий толкундоолор башталып, 23-январда оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн өлкө президенти деп жарыялаган.