Паркинсон оорусун мээни кардиостимуляциялоонун жардамы менен дарылоо

Паркинсонизм – бул баш мээнин клеткаларынын бузулушунан улам акырындык менен пайда болгон майда кыймылдарды башкарууга жооп берүүчү борбордук мээ системасынын оорусу. Паркинсон – сапаттуу жашоого терс таасирин тийгизген оору. Бейтаптар колдун калтыроосу, кыймыл-аракеттин жайлап калышы, басканда жаралган оорчулук, булчуңдардын алсыздыгы сыяктуу көптөгөн жагымсыз симптомдорду санашат. Ооруну баштапкы стадиясында дары-дармектин жардамы менен көзөмөлдөөгө мүмкүн. Качан гана дарылардын күчү жетишсиз болуп же алардын кошумча таасирлери пайда боло баштаганда бир гана нерсе бар – ал мээнин кардиостимуляторлору.

Аджибадем университетинин Атакент ооруканасынын неврологу Мурат Аксунун айтымында, кыймыл-аракеттин бузулуусунан башка бейтаптарда эсин жоготуу, баш айлануу, тулку бойду кармай албай калуу, психикалык жайсыздык, маанайдын өзгөрүлүп туруусу жана депрессия да пайда болот.

Дарынын жардамы менен дарылануудан хирургиялык кийлигишүүгө чейин

Паркинсон оорусун дарылоодогу негизги маселе – клеткалардын бузулушун токтотуу болуп саналат. Анткени менен клеткалардын бузулуусун толук кандуу токтотуп коюу мүмкүн эмес. Бул үчүн насостун жардамы менен түтүк аркылуу 12 эли ичегиге түз гель түрүндөгү дарыларды куюу керек. Мунун негизинде бейтаптын абалы жакшырат, бирок клеткалардын бузулуусу улана бергендиктен дарынын дозасын көзөмөлдөп туруу керек. Дарынын жардамы менен маселе оңой чечилип калат дебеш керек. Анткени анын зыяндуу таасирлери болушу да мүмкүн.

Дарынын жардамы менен дарылануу эффективдүү болбой калганда нейрохирургиялык – мээни терең стимуляциялоо процедурасына (DBS) өтүү талабы жаралат. Бул үчүн бейтаптын башына түз таасир этүүчү зымсыз кардиостимулятор жабдыгы колдонулат.

Кичинекей жабдыктан чоң эффект

Мээнин терең стимуляциялоосу жөнүндө, тактап айтканда, кардиостимулятор тууралуу Аджибадем университетинин Атакент ооруканасынын нейрохирургу, доктор Гюльшах Озтюрк айтып берет.

– Электрокардиостимулятор эки электрод, ширеңкенин кутусунун көлөмүндөй кубаттандыруучу блок жана негизги эки бөлүктү бириктирүүчү узарткыч болуп 3 негизги бөлүктөн турат. Электроддор мээге жайгаштырылып, ал эми кубаттандыргыч жаканын алдына коюлат. Жабдык мээнин электрдик активдүүлүгүн көзөмөлдөп, нейрондордун иштебей токтоп калуусун аныктап, ток аркылуу стимуляциялайт.

Кардиостимулятор менен дарылоо Паркинсон дартынан улам пайда болгон организмдеги бузулууларды жана кыймыл-аракетти жөнгө салууга жардам берет. Кардиостимулятор толук текшерүүдөн өткөндөн кийин ден соолугунун жалпы абалы таанып-билүү функциялары жана психиатриялык абалы белгилүү бир нормаларга жооп берген бейтаптарга гана колдонулат.

Бейтапка алгач алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң МРТ-сүрөттүн негизинде электродду жайгаштыруучу жерлер аныкталып, тиешелүү жерге анестезия кылуу жолу менен ишке ашат. Баш сөөгүнүн 3 жерине 1 сантиметр өлчөмүндөгү ичке нерсе сайылып, дал ошол жерлерге электроддор жайгаштырылат. Ал эми электроддор чубалгынын жардамы менен акырекке жайгаштырылган кубаттандыргычтарга уланат. Бул процедура 3, 3 жарым саатка уланат.

Жабдык орнотулгандан кийин бейтап 1 күн интенсивдүү терапия бөлүмүндө жана бир нече күн оорукана палатасында дарыланат. Бул убакыт аралыгында бейтаптын абалына карата неврологиялык мониторинг жүргүзүлөт. Кубаттандыргычты активдештирүү экинчи күнү жүргүзүлөт. Пульттун жардамы менен неврологдор аралыктан туруп эле тууралоону жүргүзүп турушат. Аккумулятордук кубаттандыргычтар мезгили менен кубаттандырып турууну талап кылат. Процедурадан кийин бейтаптагы өзгөрүүлөр дароо байкалат. Анын кыймыл-аракети жакшырып, сүйлөөсү жөнгө салынып калат. Мээни терең стимуляциялоо процедурасын жогорку квалификациялуу хирургдар гана ишке ашыра алат. Аджибадем университетинин Атакент ооруканасында мындай процедуралар биринчи жолу жүргүзүлүп жаткан жок. Профессор Мурат Аксу дарт бардык жаш куракта пайда болорун жана көпчүлүк учурда оору эркектерде байкаларын айтат. Эң негизгиси дарыланууну өз учурунда баштап, өрчүп кетүүсүн токтотуп калуу керек.

Acıbadem’дин Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү: Бишкек шаары, Манасчы Сагынбай көчөсү, 101/1 (Эркиндик бульвары менен кесилишет), телефон: +996770102233.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан