ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыядагы төрөт үйүн таракандар каптап кеткен" дейт окурман

Кызыл-Кыядагы төрөт үйүн таракандар каптап кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.

"Төрөткананын ашканасында деле, палатасында деле ушундай көрүнүш. Кечинде эл уктаганда таракандар жайнап чыгып кетишет. Күндүзү да жүргөнүн көрөбүз. Жаңы төрөгөн аялдарга, ымыркайларга зыяны тиет. Төрөтү оор болгон аялдар ордунан тура албай жатканда тамак-аштардын үстү кээде ачык калат экен", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mama-Yasmin
2019-02-27 22:50:43
Ой баардык эле торот уйлордо ушундай курттар коп экен. Таласта дагы торот канада толтура болчу ..
0
munar1980
2019-02-27 23:28:30
Бул жанылык откон жылы жарыя болуп женичуу болсо керек эле ошол жоноткон адам Кайра жоноткон жокпу эски жанылыкты
-1
Bazana
2019-02-28 02:29:41
munar1980,эски жаңылыкпы жаңыбы мындай антисанитарияны кайра кайра жөнөтүү керек пока тазалап жок кылмайынча, не деген шумдук.
+1
Sarinakg
2019-02-28 13:09:04
ии мен төрөгүчөм тазаласа экен
0
munira-tilen
2019-02-28 17:45:59
Ичи жылууу окшойт да суук болсо болбойт еле ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан