Орусиялык алып баруучу, коомдук ишмер Ксения Собчак өзүнүн телеграмдагы каналына кесиптеши Виктория Боняны кызы менен бирге жашабай турганын айтып чыккан.
Алып баруучу каналга актрисанын видеосун киргизип, Виктория Бонянын кызына кыйкырып жатканын белгилеген.
Бул боюнча актриса Виктория Боня интернеттеги баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Ксения Собчакка жооп кайтарды.
"Бул видеого кызым экөөбүз мейманканалардын биринен кетип бара жатып, кайра бир түнгө калууну ойлонуп калып калган маалыбыз тартылыптыр. Собчактын жеке жашоосу өзүнө жакпай жатса анда өзүнүн жанына күйөөсүн жана баласын алып алсын. Балким, ошондо бакыт табар. Негизи эле Собчактын сулуу аялдарга аллергиясы бар", - деген.
Мындай билдирүүдөн соң Ксения Собчак өзүнүн интернеттеги баракчасынан Виктория Боняны кара тизмеге киргизип салганы айтылды.