Бишкектин Көк-Жар кичи районунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 4 эсе жогору

Тектеш кабарлар: Бишкекте абанын булганышы чектен ашып жатат (124 материал)

Бүгүн, 2-мартта саат 17:00гө карата Бишкектин Көк-Жар кичи районунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 4 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин 5 жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Көк-Жар кичи районунда учурдагы көрсөткүч - 88 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 68). Бул нормага ылайык көрсөткүчтөн 3,52 эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда сутка ичинде орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Ак-Өргөө конушу - 49 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 118).

Чыгыш-5 кичи району - 35 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 60).

7-кичи район - 47 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 52).

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши - 42 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 83).

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2019-03-03 00:10:19
Приборлор коюлуп,онлайн коруп эле урдура бергиле эми жанылык таппай калганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан