Быйыл О! мобилдик оператору 10 жылдыгын белгилейт.
Рынокко үчүнчү болуп келген оператор биринчи болуп 4G LTE түйүнүн ишке киргизген жана бүгүнкүгө чейин бүт өлкө үчүн чексиз 4G интернетти жеткиликтүү кылды, нөлдөн баштап өлкөдөгү ири O!Store дүкөндөрүнүн тармагын түзгөнгө жетишти, мобилдик операторлордун ичинен алгачкылардан болуп О!TV мобилдик телевидениесин көрүү жана “О!Деньги” электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берди, ошентип О! мобилдик оператору бүгүнкүгө чейин технологиялык лидердин позициясын кармап келүүдө.
Ошондой эле 10 жылдык өнүгүү менен иштин жыйынтыгы катары бүт өлкө боюнча О! оператору абоненттердин саны жана телеком сегментиндеги кирешеси боюнча Кыргызстандагы №1 мобилдик оператору - рыноктун лидери деген татыктуу наамга татыды (2018-жылдын 4-кварталынын жыйынтыгы боюнча).
Мааракенин урматына биз компаниянын өнүгүүсүнүн 10 кызыктуу фактысын топтодук.
Логотип. Эмне үчүн бир эле тамга?
"Чыгар астында ызы-чуу абдан көп болгон эле, "прО!стО!", "бесплатнО!" жана башкалар жазылган баннерлердеги бул сөздөр эмнени түшүндүрөрүн анда эч ким билген эмес, ал эми азыр О!ну баары жакшы көрөт", - деп Рысбек деген колдонуучу Instagram баракчасында эскерет.
Көрсө, Кыргызстандын рыногуна жаркын, динамикалуу, жеткиликтүү жана жаштарга багытталган жаңы байланыш оператору ишке кириптир, ал эми О! – бул кишинин кубануусунун же таң калуусунун чыныгы жана кадимки реакциясы эмеспи. Ал баарлашуу процессинин, пикирлер жана эмоциялар менен алмашуулардын символу.
О! операторунун тарыхы 2009-жылы башталды, ал учурда рынокто эки мобилдик оператор иштеп жаткан. 3-мартта О! контакт-борборунда абоненттин алгачкы телефон чалуусу катталган.
О! түйүнү эң мыкты жабдууларда эң алдыңкы, супертехнологиялык түйүндү куруу идеясынан башталган. Бир жылдан кийин Бишкек шаарында жана тегерегинде гана 50гө жакын базалык станциялар курулду.
Анда компанияда болгону 40-50 киши гана иштечү. Тапшырма оңой болгон жок: оператордун алдындагы максат – таң калтыруу эле жана ал аны ишке ашырды. Кээде 18-20 сааттан иштөө керек болду, бирок иш ошого татыктуу болчу. Активдүү абоненттерди топтоо боюнча жылдык план 2 айда эле аткарылды. Анан мына, О! алгачкы 300 миң абонентинин кошулуусун майрамдады.
"Эсимде, 2009-жылы жаңы эле рынокто пайда болгондо О! SIM-карталары жарым тунук кызыктуу дизайны жана сонун номерлери менен болчу. О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар бар эле, бирок түйүн Бишкекте гана тартчу. Канчалаган уйкусуз түндөрдү кыздар менен баарлашып өткөрдүм", - деп Facebook колдонуучусу Максат Калинов оюн билдирди.
О! ошол учурдагы өлкөнүн мобилдик рыногуна революциялык кызматтарды алгачкылардан болуп киргизген, Максат айткандай, алардын экөө - түйүн ичинде акысыз баарлашуу жана “номер тандоо” кызматы. Бул кызмат аркылуу ар түрдүү сандардын комбинациясын тандоо жана кеңсеге кайрылбастан эле номерди алмаштырып алуу мүмкүн болчу.
Түйүн активдүү түрдө кеңейе баштады. Бир жыл өтпөй О! түйүнү Нарын, Ош, Талас, Ысык-Көл облустарында жеткиликтүү болуп калды, ал эми дагы бир жылдан кийин О! тарифтери менен өлкөнүн бардык аймактарынын тургундары пайдалана башташты.
Стартап планга ылайык кубаттуу боло баштады, ал эми 5 жылдан кийин О! түйүнү абоненттердин биринчи миллионун каттады.
О! түйүнү 2014-жылы мобилдик рынокто биринчи болуп 4G LTE-түйүнүн киргизүү менен чыныгы алдыга умтулуусун тастыктады. Түйүн рекорддук кыска мөөнөттө - болгону 2 айда ишке берилди.
Өлкөнүн рыногуна ыңгайлуу жана компакттуу 4G-түзүлүштөр келди. Мисалы, 4G Wi-Fi вингл – модем, Wi-Fi роутерлер интернетти дароо бир нече түзүлүшкө таратып, О! мультимедиалык сервистерге кирүүгө мүмкүндүк берди.
Мобилдик рынокто төңкөрүш жасаган деп апыртылбай атай турган тариф ишке киргизилди. 2015-жылдын башында "Переходи на О!" алгачкы универсалдуу тарифтердин топтомуна кошулуу башталды, айрыкча О! түйүн ичинде SMS жана акысыз чалуулардан башка түйүндөн тышкары чалуулар жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттин гигабайттары да кошулган болчу. Тарифтик топтом менен топтомдук сунуштардын эрасы башталды, аларды өлкөнүн абоненттеринин 70 пайызынан көбү тандашат.
О! түйүнү тарткан аймакта каалаган мобилдик түзүлүштөн толук 130 телеканалды көрүү мүмкүнчүлүгү берилди. 2016-жылдын декабрь айында мобилдик телевидениенин ОТТ-сервиси - App Store жана Play Market палтформаларындагы расмий тиркемеси O!TV ишке берилди. Компания аймактарда кеңейе баштады. Кадимки тейлөө кеңселеринен О! түйүнү бара-бара уникалдуу жана стилдүү дизайнга ээ O!Store заманбап дүкөндөрүнө айлана баштады. Оригиналдуу смартфондорду расмий өңдүрүүчүлөрдүн 100% кепилдиги менен бөлүп төлөөгө сатып алуу боюнча алгачкы программалар башталды. ostore.kg интернет-дүкөнү кызмат көрсөтө баштады.
О! мобилдик оператору дайыма драйвдын толкунунда жүрөт. 2017-жылы кыргызстандыктарды дароо эки укмуштуудай музыканттар: "Город 312" жана Noize MC кубантышты. Алар колунан келишинче көрүүчүлөрдү укмуштуудай энергетикасы менен кубаттап, өздөрүнүн үнү менен күчү кетирип 100 пайызга иштеп беришти!
Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларынан 20 миңден ашуун киши "Переходи на О! + ТВ" тарифтик топтомду колдоого келген "Город 312" тобунун концертин көрүштү. Анда бул универсалдуу тарифке чексиз интернет, түйүн ичинде жана түйүндөн тышкары акысыз мүнөттөр менен бирге мобилдик ТВ сервиси да кошулган эле. Топтун солисткасы Светлана Назаренко концертте минтип айткан:
О! жамааты алдыга карай – түйүндү өнүктүрүүгө, жаңы тарифтерди, тиркемелерди жана сервистерди иштеп чыгууга умтулууда.
2018-жылдын сентябрь айында О! оператору мобилдик операторлордун ичинен биринчи болуп рынокко "О!Деньги" мобилдик электрондук капчыгын киргизди. Аны колдонуу менен коммуналдык кызматтар, интернет же жөн гана дүкөндөн сатып алган азык-түлүк үчүн төлөм жүргүзсө болот! Бүгүн "О!Деньги" электрондук капчыгы "Мой О!" функционалдык тиркемесинин базасында иштеп жатат. Сервисти 130 миңден ашуун абонент колдонууда, ал эми кызмат аркылуу күнүгө жүздөгөн каржылык операциялар жүрүп турат.
Компаниянын ийгилигинин негизи – анын командасы. О! операторунун командасында жогорку кесипкөй билимге, тажрыйбага ээ, ишине ынтызар, жоопкерчиликтүү жана таланттуу кишилер иштейт. Бул ынтымактуу жамаат позитивдүү ойлонот жана бардыгы бир ишти аткарып жатканын аңдай билет. Алардын максаты – бардык кыргызстандыктарды сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз кылуу!
О! ар дайым Сиз менен өзүнүн расмий Facebook, Instagram, YouTube, Одноклассники, ВКонтакте, Twitter баракчаларында байланышта. Катталыңыздар, абдан кызыктуу болот!
Келечек
О! мобилдик оператору башынан эле бүт өлкө боюнча интернет кызматын берүү боюнча технологиялык лидердин стратегиясын тандап алган;
О! биринчи болуп 4G LTE түйүнүн курган, LTE-Advanced`ди ишке киргизген жана өнүктүрүп жатат. Азыркы учурда оператор "бешинчи муундун" түйүнүнө тиешелүү болгон технологияларды байкап жатат. Кимдир бирөө үчүн бул алыс келечектин ишидир. О! үчүн болсо – бул чечимдин бардык "макул" жана "каршысын" эске алуу менен аткарылып жаткан күнүмдүк иш. Ар бир технологиянын өзүнүн колдонуусунун жана перспективасынын спектри болот. О! сиздер үчүн алардын арасынан эң мыктысын тандайт.