"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын "Сапарыбыз бир программасына 3 жыл" акциясы тууралуу эмнелерди билүү керек?

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагында "Сапарыбыз бир" программасынын ишке ашырылып келе жатканынын 3 жылдыгына багытталган акция башталды. Эми "Газпромнефттен" май куюп жатып, лоялдуулук картасына балл гана топтобостон, баалуу байгелер ойнотулган утуш оюнунун катышуучусу боло аласыз. Байгеде:

  • iPhone XS Max үлгүсүндөгү 3 смартфон;

  • Smart TV плазма телевизору, 3 даана;
  • Sony PlayStation'дун 4 даана консолу, топтомунда "FIFA 19" оюну бар;

* 500 литр, 300 литр, 100 литр, 50 литр күйүүчү май берилүүчү 12 сертификат бар.

"Сапарыбыз бирге 3 жыл" акциясына катышуу жөпжөнөкөй:

Ушул жылдын 21-февралынан 24-апрель күнүнүн аягына чейин "Газпромнефттен" лоялдуулук картасы менен каалаган суммадагы, күйүүчү майдын каалаган түрүн алышыңыз керек. "Газпромнефть" май куюучу тармактардан май куйган сайын, 50 литрине бир виртуалдык лотерея билети берилет. Керектөөчү канчалык көп көлөмдө май куйса, балл ошончолук көп болуп, ошончо көп билетке ээ болот. Бул байгени утуу мүмкүнчүлүгү чоң экенин билдирет.

Керектөөчү топтолгон билетинин суммасын http://www.gpnbonus.kg. сайтынын программанын катышуучулар кабинетинен биле алат. Утуштун финалдык туру көз карандысыз эксперттердин катышуусунда 26-апрель күнү атайын сандарды айлантуу генераторунун жардамында өтөт. Анын так убактысы акциянын аякташына 2 апта калганда "Газпромнефть" май куюучу жайларына илинет.

"Газпромнефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары Алишер Жолчуев: "Сапарыбыз бир" лоялдуулук картасы "Газпромнефттен" май куюунун эң эффективдүү жолу: ЕВРО-5 стандартындагы Орусиянын сапаттуу күйүүчү майын алуу менен жолго керектүү буюмдарга ээ болот, мындан тышкары балл топтой алат. Ошондой эле программанын катышуучуларына туулган күнүндө 100 балл которулат жана башка баалуу байгелери бар акцияларга катышуу артыкчылыктары берилет", - дейт.

Акция тууралуу, утуштун жүрүшү, эрежелери боюнча толук маалыматты:

* Кардарларды колдоонун бирдиктүү борборуна - 5151 кыска номерине чалып (мобилдик телефондон чалуу акысыз)

* www.gpnbonus.kg сайты аркылуу

* "Газпромнефть" май куюучу жайларынан алсаңыз болот.

Акцияга Кыргыз Республикасынын 18 жаштан жогорку "Сапарыбыз бир" программасынын бардык катышуучулары катыша алат.

"Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы - Өзүңдүн пайдаңды танда!

"Газпромнефть" тармагынын "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы - чогултулуучу, бонустук программа. Ал өлкөдө 2016-жылдан бери иштеп келе жатат, ага кошулгандардын саны 190 миң адамга жетти.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан