Саясий серепчи Нурсултан Акылбек: "Энергетика министрлигин жоюуну сунуштаган эле парламенттин кайра аны түзүүнү айтып жатканы өздөрүнүн катачылыгын моюндаганы"

2015-жылдын ноябрь айында парламенттин VI чакырылышынын коалициялык көпчүлүгү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү чечимин кабыл алышкан. Мунун негизинде ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Кийин министрликтин ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы түзүлүп, андан бери бул тармакта бир топ кемчиликтер кеткени айтылып келди. Эми депутаттар өздөрү "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюуну сунуштап, анда 43 бекерчи отурат деп сынга алышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүүнү сунушташууда. Мындай "реформалар" өлкөгө эмне жыйынтык берди?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.

Ал Кыргыз мамлекетинин энергетика тармагы терең кризисте жана реформага муктаж болуп келе жатканын айтты.
"Бул жаатта структуралык өзгөрүүлөр да керек. Энергетика министрлигинин жоюлушу жана энергетикалык холдингдин пайда болушу 2015-жылы түзүлгөн коалициялык келишимдин жыйынтыгы, тактап айтканда, азыркы депутаттардын кылган иши эле. Бул ошол учурда кабыл алынган туура эмес чечим болгон. Биринчиден, чоң коррупциялык гигант пайда болду. Экинчиден, ишмердүүлүктү жүргүзгөндө эч кандай жоопкерчилик болгон жок. Депутаттар бул өздөрү кетирген катасын бир нече жылдан кийин түшүнгөнү өкүндүрөт. Биз сууга бай мамлекет катары эсептелебиз, чоң эл аралык энергетикалык долбоорлорго активдүү катышып келебиз. Бирок энергетика чөйрөсүндө көптөгөн көйгөйлөр бар. Азыр биз сууга бай болгонубуз менен, электр энергияны импорттойбузда, инвестиция тарталы десек, ошол ачыла турган завод же фабрикага жеткиликтүү электр энергия бере албайбыз. Мындай себептен көптөгөн инвесторлор ишканаларын ача албай жатышат. Анан кайдан бизге инвесторлор келет? Экономикада кайдагы өсүүлөр болот, кантип жаңы жумуш орундарын түзө алабыз? Эгер ишканаларды иштетүү үчүн электр энергия жетиштүү эмес болсо жаңы ГЭСтерди курууга инвесторлор жок, анткени азыркы абалда биздин энергетика чөйрөсү потенциалдуу инвесторлорго рентабелдүү эмес. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир багытта туура саясат жүргүзүү үчүн Энергетика министрлиги керек. Реформаларды жүргүзбөсөк бизде экономикалык өсүү болбойт", - деди Акылбек.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, энергетика боюнча эксперттер Сапарбек Аргынбаев, Расул Умбеталиев, экс-министр Картайбек Муканбетов, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан