Ошто зордуктоо, уурулук беренелери боюнча шектелип, издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалды

Бишкекте зордуктоо жана уурулук боюнча шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү Ош ОИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде шектүү катары издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жашоочусу 30 жаштагы Т.А. Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды.

Бул жаранга 2019-жылдын 10-январь күнү Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоо" беренеси боюнча шектүү катары издөө жарыяланган.Тергөөнүн жүрүшүндө бул жаран тарабынан мындан башка дагы эки жерде уурулук жасагандыгы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү Т.А. Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 161-беренеси "зордуктоо" жана 200-берене "уурулук" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-03-05 21:15:08
Бишкектен Карасууга алып келдинерби? Расход кылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан