Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Макулдашуу 2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлуп, Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон бул макулдашуу туристтик сезон учурунда үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргыз чек арасынан өтүүсү, ошондой эле Бишкек-Балыкчы айланма жолунда жайгашкан өткөрүү пункттары аркылуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдарга жагымдуу шарттарды түзүү максатында даярдалган.
Ушул протоколдо "Кең-Булуң-автожол" жана "Токмок-автожол" өткөрүү пункттарынын эки тараптуу статустан көп тараптуу (эл аралык) статуска өзгөртүү жолу менен жогоруда аталган макулдашуунун тиркемесинин 2- жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ошондой эле Казакстандын Жамбыл облусунда жайгашкан "Нововоскресеновка-автожол" өткөрүү пунктунун аталышын "Сыпатай батыр-автожол" өткөрүү пунктуна өзгөртүү жолу менен макулдашуунун тиркемесинин 7-пунктуна өзгөртүү киргизүү каралган.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.