ТИМ: "Орусияда өрттөн жабыркаган 2 кыргыз жаранынын абалы оор"

Орусиянын Владимир облусунун Гороховец шаарындагы айнек таңгактарды иштетүүчү "Русджам" заводунан чыккан өрттөн жабыркаган 4 Кыргыз жаранынын экөөсүнүн абалы оор. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Улуттук кризистик борборунун берген маалыматына караганда, өрт кырсыгы 5-мартта кечки саат 18:15 чамасында орун алган. Анын кесепетинен 7 киши жабыркаган. Алардын ичинен 1991-жылы туулган Т.О. жана 1986-жылы туулган Т.Б. аттуу эки Кыргыз жараны оор абалда Гороховец райондук-борбордук ооруканасына жеткирилген. Жарандардын абалы жана кырсык боюнча маалыматтар элчиликтин көзөмөлүндө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айта кетсек, Орусиянын Владимир облусунун Гороховец шаарындагы айнек таңгактарды иштетүүчү "Русджам" заводунда өрт чыгып, 4 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилишкен. Алардын төртөө тең Кыргыз жарандары экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zhoro
2019-03-06 15:13:18
Айыгып кеткиле
+2
Sagyn.91
2019-03-06 16:07:03
Айыгып кетсе экен эртерээк.

Кыргыз кырылып бутмой болдук ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан