Үй-бүлөңдү жаңы тарифке кошуп ал да, байланыштан үнөмдө

Канча жолу жакындарыңыз жоголуп кетпесин жана байланышта болуп турсун деп эсептерин тезинен толуктаганыңызды эстеп көрүңүзчү? Сиз үй-бүлөңүздүн байланыш үчүн короткон каражаттарын акыркы жолу качан эсептедиңиз эле? Балким, араңардан көпчүлүгүңөр көзөмөлдөөгө жеңил жана толуктоого ыңгайлуу болгон үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө бир эсеп болсо деп кыялданышса керек. О! Мобилдик оператору бул көйгөйдү чечти жана кыргызстандыктарга үй-бүлөлүк тарифти сунуштады.

"О!Үй-бүлө" тарифи бүт үй-бүлө үчүн байланыш кызматынын бир топтомун кошуп алууга жана эки эсе арзан төлөөгө шарт түзөт. Ар бир үй-бүлө мүчөсү 40 гигабайттан мобилдик интернет жана бардык О! номерлерине акысыз чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кызматтардын топтому жалпы бир үй-бүлө үчүн айына 990 сомду түзөт – бул тарифке 4 үй-бүлө мүчөсүн кошсо болот. Муктаждык болгон учурда – алты кишиге чейин көбөйтүүгө болот. Бүт комплект үчүн абоненттик төлөм бир гана номерден алынгандыгы тарифтин өзгөчө ыңгайлуулугунун көрсөткүчү болуп саналат.

"Республикалык "О!Үй-бүлө" тарифин ишке киргизгенден кийин абдан жакшы ой-пикирлерди жана сунуштарды алдык. Кошуп алуулардын санынын ыкчам өскөндүгү мындай сунуштар ар бир аймакка аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен керек экендигин айгинеледи", – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Жаңы "О!Үй-бүлө Регион" тарифи аймактардын тургундарынын каражаттарын коротпоого жана байланыштан максималдуу түрдө үнөмдөөгө жардам берет!

Төрт кишиден турган үй-бүлө айына болгону 690 сомго кызматтардын топтомун кошуп алса болот, комплекттин ар бир номерине 30 гигабайттан мобилдик интернет жана О! түйүнүндө салттуу акысыз байланыш берилет. Үй-бүлөлүк баарлашууну топко алты кишиге чейин киргизип алуу менен кеңейтип алса болот. Абоненттик төлөм мурункудай эле бир номерден алынат. Эгер сиз О! абоненти болсоңуз, жаңы тарифти кошуп алган учурда комплектидеги SIM-карталарды өзүңүздүн колдонуп жүргөн номериңизге таптакыр акысыз которуп алууга боло тургандыгы – жаңы тарифтин кошумча ыңгайлуулугу болуп саналат.

Бардык аймактык О! сатуу жана тейлөө Кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн комплектини сатып алса жана "О!Үй-бүлө Регион" тарифине кошулса болот.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында мобилдик интернеттин ылдамдыгы секундасына 128Кбитке чейин төмөндөтүлөт. Кошуп алуулардын баасы бардык салыктарды эске алуу менен 30 күндүк мөөнөткө көрсөтүлгөн. "О!Үй-бүлө Регион" тарифи боюнча кошумча маалыматты 0501 000 567 телефону жана www.o.kg сайты аркылуу алса болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан