super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?

 
Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.
ӨМҮРБЕКОВА: "Аялдарга тиешелүү мыйзам нормалары толугу менен иштеген жок"
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айылдык кеңештерде аялдардын саны азайып жатканын белгиледи.
“Аялдардын укугуна көңүл буруш керек. Бул Баш мыйзамда көрсөтүлүп, бардык мыйзамдарда каралган. Мыйзам нормалары канчалык деңгээлде иштеп жатканы башка маселе. Ачык айтуу керек, мыйзам нормалар толугу менен иштеген жок. Мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар мамлекеттик деңгээлде иштеш үчүн аракеттерди жүргүзүп, айымдардын ролун так белгилешибиз керек. Айылдык кеңештерде жылдан жылга аялдардын саны азайып баратканы бизди тынчсыздандырат. Бүгүнкү күнү болуп жаткан сүйлөшүүлөр, Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлүп жаткан маселелерге мамлекет тарабынан көңүл бурулушу шарт. Мындан тышкары аялдардын ден соолугу, билим алуусу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүшү керек”, - дейт Өмүрбекова.
АСИЛБЕКОВА: "Мамлекет даремети жетишинче аялдарга көңүл буруп жатат"
"Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова жашоо-шарты оор аялдардын абалына мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин айтты.
"Аялзатына мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатат деп айтсак болот. Кыйынчылыкты көтөрө билген - бул аялзаты. Азыр аялдар бала багат, үй иштерин жасайт аны менен катар иш бөлмөсүндө кадимки кызматын аткарып жатышат. Коомдогу эркектер жасаган иштин баарын аялдар жасай алат. Мамлекет аялдарга даремети жетишинче көңүл буруп жатат десек болот. Бирок мындан да жакшы көңүл бурса жакшы болмок. Жумушума байланыштуу турмуш-шарты оор аялдар тууралуу билем. Алар социалдык жактан колдоого муктаж. Ошол абалга кептелип калышына эмне себеп болгонуна мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл. Алардын мүмкүнчүлүктөрү, билимине жараша жумуш орундарын түзүп берүү керек. Ошол жагынан караганда мамлекет аксап жаткандай. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акча бериле турган болду. Мындай балдардын түйшүгүн баккан энеси гана билет. Алар бул маселени көтөрүп чыгышты, мамлекет укту. Мамлекетибиз өнүксө дагы көңүл бурулат деген ойдомун", - деди Асилбекова.
АБДЫРАХМАТОВА: "Мыйзамдарда аялдар менен эркектердин укуктары тең деп жазылган. Бирок реалдуу жашоодо андай эмес"
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова белгилегендей, аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү, айлык маяналары, жашоо-шарттары бирдей болуш керек.
“Мыйзамда, Конституцияда аялдардын укуктары эркектердин укугу менен тең деп жазылган. Алардын мүмкүнчүлүктөрү, айлык маяналары, жашоо-шарттары бирдей болушу керек. Бирок реалдуу жашоодо андай эмес. Биздин мамлекетте аялдардын тең укуктуулугуна, мүмкүнчүлүктөрүнө шарттар түзүлгөн эмес. Айымдардын орду үйдө болуш керек деген ой калып калган. Бизде кесиби боюнча жогорку кызматка көтөрүлгөн кыз-келиндерди колдой беришпейт. Көпчүлүк аялдардын кесиби боюнча көтөрүлгөнүн көргүлөрү келбейт. Аялдар табиятынан ишти туура пландаштырганга, үнөмдүүлүк кылганга шыктуу. Аларга болгон зордук-зомбулук чоң көйгөй бойдон турат. Күйөөсү менен аялдын мамилеси жакшы болбой жатса дагы аялдарды күнөөлүү деп айтабыз. Мамиле бузулганга эки тарап күнөөлүү да”, - дейт Абдырахматова.
РЫСКУЛБЕКОВ: "Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарында жазылгандай, аялдарга жетиштүү эле көңүл бурулуп жатат"
Журналист Эркин Рыскулбековдун айтымында, Кыргыз өлкөсүндө аялзатынын укугун коргогон мыйзамдар бар, маселе ал канчалык иштеп жатканында.
“Мамлекеттик деңгээлде карай турган болсок, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарында жазылгандай аялдарга жетиштүү эле көңүл бурулуп жатат. Муну бир нече факты менен карасак болот. Жогорку Кеңеште аялдар үчүн квота каралган. Израил мамлекетине салыштырмалуу биздин айымдар аскер кызматына чакырылбайт. Мындан тышкары көп балалуу эне деген статустар каралган. Мунун баары мамлекет тарабынан аялдар үчүн жүргүзүлгөн жакшы саясат деп эсептейм. Жакында эле үйдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап отурган энелерге айлык акы төлөп, ошол эле учурда алардын эмгек стажы жүрө турган мыйзам иштеп баштады. Жогорудагылар кагазга жазылган боюнча айтылды. Бирок коомчулукту алып карай турган болсок, аялдарга көңүл буруусу бир аз төмөн”, - деди Рыскулбеков.
САМЫЙКОЖО: "Бүгүнкү күндө аялзатына болгон көңүл буруу чабал болуп жатат"
Журналист Мирлан Самыйкожо аялзатына болгон камкордук дайыма керек экенин белгиледи.
"Аялзатына жетиштүү көңүл бурулуусу зарыл. Бирок бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде аялзатына болгон мамиле чабал болуп жатат. Аларга болгон камкордук дайыма керек. Тилекке каршы, коомдо аял менен эркектин орду тең сыяктуу кетип бара жатат. Биз баары бир аялзатына кам көрүшүбүз зарыл. Анткени ааламдын бүтүндүгүн аялдар кармап турат. Ал эми акыркы учурда аялзатына жасалган зордук-зомбулуктар көбөйүп жатканы өкүндүрөт. Бул адам кыла турган иш эмес. Мындай иштерге терс көз караштамын", - деди Самыйкожо.
НИЯЗОВА: "Өлкөдө аялдарга 8-Март күнү гана көңүл бурулат"
Журналист Махинур Ниязова милицияда да, бийликте да жалаң эркектер болгондуктан Бурулай менен болгон окуя орун алганын айтты.
“Аялзатына жылына бир жолу, 8-Март күнү эле көңүл бурулат. Калган убакта аялдар да, балдар да корголбой жатат. Алар көп учурда жаман мамилеге туш болууда. Бул жагдайда мамлекет тарабынан коргоо таба албайбыз. Аялдардын укугу жөнүндө көп айтылат, бирок изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, аялдар бийликте эмес жана алардын ою кандайдыр бир чечим кабыл алууда эсепке алынбайт. Мисал катары айтсам, эртең 8-Мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү тынчтык жүрүшкө чыгарын билдиришти. Алгач ага тыюу салынган, эмне себептен? Себеби "Кырк чоро" бирикмеси, мындай айтканда, эркектер бул жүрүшкө каршы чыкты. Социалдык тармактагы ызы-чуудан кийин гана бул жүрүшкө уруксат берилди.
Аялдар өздөрүн өздөрү гана коргоп калды. Өлкөдө милицияда да, бийликте да жалаң эркектер болгондуктан Бурулай менен болгон окуянын жыйынтыгы жок болуп жатат. Бирок бул нерсе бийликке сабак болгон жок. Аялдарды экинчи планга жылдыруу улантылып жатат. Акылга сыйбаган окуялар бийликке да, өлкө башчысына да эч кандай таасирин бербей жатат. Президент аялдардын укугун коргой турган бир билдирүү жасаганы сиздердин эсиңиздерде барбы? Жок", - деди Ниязова.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124185;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: