super.kg logo
  Саясат  

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова: "Мыйзамдарда аялдар менен эркектердин укуктары тең деп жазылган. Бирок реалдуу жашоодо андай эмес"

 
Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.
Суроого Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова жооп берип, аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү, айлык маяналары, жашоо-шарттары бирдей болуш керектигин белгиледи.
“Мыйзамда, Конституцияда аялдардын укуктары эркектердин укугу менен тең деп жазылган. Алардын мүмкүнчүлүктөрү, айлык маяналары, жашоо-шарттары бирдей болушу керек. Бирок реалдуу жашоодо андай эмес. Биздин мамлекетте аялдардын тең укуктуулугуна, мүмкүнчүлүктөрүнө шарттар түзүлгөн эмес. Айымдардын орду үйдө болуш керек деген ой калып калган. Бизде кесиби боюнча жогорку кызматка көтөрүлгөн кыз-келиндерди колдой беришпейт. Көпчүлүк аялдардын кесиби боюнча көтөрүлгөнүн көргүлөрү келбейт. Аялдар табиятынан ишти туура пландаштырганга, үнөмдүүлүк кылганга шыктуу. Аларга болгон зордук-зомбулук чоң көйгөй бойдон турат. Күйөөсү менен аялдын мамилеси жакшы болбой жатса дагы аялдарды күнөөлүү деп айтабыз. Мамиле бузулганга эки тарап күнөөлүү да”, - дейт Абдырахматова.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова, журналисттер Махинур Ниязова, Мирлан Самыйкожо, Эркин Рыскулбековдун пикирлерин бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124185;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: