super.kg logo
  Саясат  

"Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова мамлекет даремети жетишинче аялдарга көңүл буруп жатканын айтты

 
Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.
Суроого "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова жооп берди. Ал жашоо-шарты оор аялдардын абалына мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин айтты.
"Аялзатына мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатат деп айтсак болот. Кыйынчылыкты көтөрө билген - бул аялзаты. Азыр аялдар бала багат, үй иштерин жасайт аны менен катар иш бөлмөсүндө кадимки кызматын аткарып жатышат. Коомдогу эркектер жасаган иштин баарын аялдар жасай алат. Мамлекет аялдарга даремети жетишинче көңүл буруп жатат десек болот. Бирок мындан да жакшы көңүл бурса жакшы болмок. Жумушума байланыштуу турмуш-шарты оор аялдар тууралуу билем. Алар социалдык жактан колдоого муктаж. Ошол абалга кептелип калышына эмне себеп болгонуна мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл. Алардын мүмкүнчүлүктөрү, билимине жараша жумуш орундарын түзүп берүү керек. Ошол жагынан караганда мамлекет аксап жаткандай. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акча бериле турган болду. Мындай балдардын түйшүгүн баккан энеси гана билет. Алар бул маселени көтөрүп чыгышты, мамлекет укту. Мамлекетибиз өнүксө дагы көңүл бурулат деген ойдомун", - деди Асилбекова.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова, журналисттер Махинур Ниязова, Мирлан Самыйкожо, Эркин Рыскулбековдун пикирлерин бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124185;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: