Ырчы Данияр Эрматовдун Ош шаарында өткөн жеке концертинде 7 жаштагы Барсбек чоң сахнага биринчи жолу чыгып кыялы орундалды. Анын апасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага байланышканыбызда көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан видео, уулу жана анын кызыгуулары тууралуу айтып берди.
Айтымында, Барсбек ырчы Данияр Эрматовду кумир тутуп, ырларын жаттап, чач жасалгасынан тартып кийинүү стилине чейин окшошууга аракет жасайт.
"Негизи үйдө ырдап, бийлеп эле жүрөт. Даниярдын чыгармачылыгын жактырып, ырларын аткара берет. Ал концерт коюп келет дегенде эле мен да барайын, дуэт ырдайын деп жүрдү. Балага көз тиет, алып барсам туура болобу деген ойдо ээрчиткен эмесмин. Концерттин экинчи күнүндө аябай каалоосу чоң экенин билдирди. Баланын мындай кыялына да кол шилтеп коё албайт экенсиң. Салондон чачын дал эле кумириникиндей жасатып, кийимдерин да окшоштуруп кийип, жолдон гүл алдырып өтө даярданып барды. Атасы макул болгондон кийин чоң сахнага чакырдык", - деди Каримова бул тууралуу.
Ошондой эле ал Барсбек сахнага чыкканда мынчалык образга кирип ырдайт деп күтпөгөнүн кошумчалады.
"7 жаштагы уулумду ушунча элдин алдына чыкканда сүрдөп ырдай албаса керек деп ойлогом. Тескерисинче, көздү жумуп, ырын бий менен коштоп өзүн тажрыйбалуу ырчыдай көрсөтүүгө аракет жасады. Уулуңдун мындай талантын көрүү өзгөчө сезим экен. Данияр да аны абдан кубаттады", - деген ырчы айым "уулу ырдап жатса эмнеге күлөт?" деп сындагандарга да жооп кайтарды. Ырчынын айтымында, негизинен Барсбектин сахнадагы аракеттери боюнча жакшы пикирлер айтылып, башка өлкөдөн да чалгандар көп болууда.
"Тааныштар, күйөрмандар чалып "бүгүндөн баштап мен Барсбектин күйөрманы болуп калдым" деп жатышат. Ошол эле учурда менин күлгөнүмдү туура эмес дегендер бар. Сынга көнүп калгам. Күлкүм - уулумдун мен күткөндөн да берилип ырдаганынан чыкты, бул аны шылдыңдоо эмес, өзүмдөгү жагымдуу сезимдердин күлкүсү болду", - дейт ал.
Барсбек ушул жылы 1-класска барат. Көп музыкалык аспапта ойноого, ыр, бийге абдан кызыгат. Данияр Эрматов менен дуэт жаздырып, клип тарттырууну кыялданарын ата-энесине айтып жүрөт. Каримова белгилегендей, 2 уулу чыгармачылыкка жакын, ал эми кызынын кызыгуусу башка тармакта. Ырчы айым адегенде Барсбектин жакшы билим алуусун камсыздоону, ырчы болуу каалоосуна тоскоол болбой, колдой турганын да айтты.