Бүгүн, 10-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде Аваз Акимовдун сүйүктүүсү, ырчы Айдана Деканын кыз узатуу тою өтүп жатат.
Той эки ырчынын сахналаштары, туугандары жана бийчи кыздарынын коштоосунда өтүүдө. Кыргыздын салттары да четте калган жок, тактап айтканда, кыздын калыңын берүү, кийит кийгизүү жөрөлгөлөрү да болду.
Айдана өзүнүн жашоосундагы маанилүү күндөрдүн бири болгон кыз узатуу тоюна кийген көйнөгү дароо көңүл бурдурат. Ырчынын айтымында, аны америкалык дизайнер тиккен.
"Көйнөгүм өзгөчө болсун деп атайын америкалык дизайнерге буюртма берип тиктирдим. Жыйынтыгы мен каалагандай болду, бирок көйнөк эң негизги эмес. Эң негизгиси Аваз экөөбүздүн ынтымактуу, бактылуу жашашыбыз", - дейт Айдана.