Ырчы Азалия Египетте өтө турган сулуулук сынагына катышат

"Кыз-бурак" тобунун экс-солисти, ырчы Азалия Египетте өтө турган "Miss Eco International" сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып берди.

Маалым болгондой, сынак 13-мартта башталып, ага жалпысынан 56 өлкөнүн сулуулары катышат.

"Мен Бишкекте жаңы ачылган моделдик агенттик менен келишим түзүп, иштеше баштадым. Алар мага фото жана видеосъёмка боюнча колдоо көрсөтүшөт. Ал эми каржы маселеси өзүмдүн моюнумда. Негизи буга чейинки катышкан сынактан соң абдан эле көңүлүм калып калган болчу. Бирок көпкө ойлонуп, "Кыргыз өлкөсүнүн атын таанытууга аз да болсо салым кошо алсам, анда эмнеге катышпайм?" деген ой келди", - дейт ырчы.

Айта кетсек, Азалия буга чейин Малайзияда өткөн "Miss Cosmopolitan World" сулуулар сынагына катышып, тилекке каршы, байгелүү орунга илинбей калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
katerina.li
2019-03-11 13:32:12
Сулуу деле эмеско. Макияж толтура болгону
+12
nurka_85
2019-03-11 14:27:32
Жакшы жагынан чыгарса чыгара берсин, ийгилик!!!
+1
kechirmeni
2019-03-11 15:23:41
чечинип албай ыймандуурак болгула
+6
BaihanUlanov
2019-03-11 15:39:16
Сенден башка эч ким жок бекен, жөн эле койчу айланайын сулуу деле эмес экенсиң.
+8
CuMBoJI
2019-03-11 17:31:48
BaihanUlanov, сиз барып келиниз анда
-1
bond02
2019-03-11 16:02:27
Ушу кыз аябай эле убара болуп жатат деги результат барбы?
+5
aida007
2019-03-11 20:58:06
Ииии дагы ушул кызбы? Андан Коро мен деле сулуумун бирок кой ай сен катышпай койсон эле болмок !!!!????уялбайт экенсинда
+2
Zhanybek88
2019-03-12 00:07:07
Ар Ким озу учун сулуу шагын сындырбайлы апсынын козу менен карасанар анданда сулуу
+1
karona12
2019-03-12 04:54:32
Бар барагой кыргызыдн сулуу кызы ушул болсо деп тан калып калышсын.)
+1
madina.87
2019-03-12 08:59:56
Ушул кыз жөн эле жүрсө болбойбу,көзү шишикке окшоп,сулуу деле эмес экенсиң.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан