Бишкекте таяк тартышуу салттык оюну өтөт

26-28-июль күндөрү Бишкектеги Эмен багында таяк тартышуу салттык оюнунун жана “Салттык маданият, Кыргызстан элдерин бириктирүүнүн фактору” деген темадагы тегерек стол өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди. Маалыматка ылайык, таяк тартышуу оюнунун мелдешине бардык каалоочулар катыша алышат. Мелдештин программасы боюнча, 26-июль күнү саат күндүзгү 12:00дөн 14:00гө чейин таяк тартышуу салттык оюнунун ачылышы, саат 14:00дөн 15:00гө чейин тегерек стол өткөрүлөт. Ал эми 27-июль күнү саат 12:00дөн 14:00гө чейин конок чапмай, жип кесмей, аталадан тыйын алмай өңдүү элдик оюндар болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан