Кезекте Роналдубу? Зинедин Зидан "Реал Мадрид" клубуна кайтып келди

Зинедин Зидан "Реал Мадрид" футболдук клубуна кайрадан башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мадриддик клубдун расмий баракчасы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурдагы машыктыруучу Сантьяго Солари кызматынан бошотулуп, ордуна Зидан менен 2022-жылга чейин келишим түзүлдү.

Айрым маалымат булактары жазгандай, франциялык машыктыруучу жылына 16 миллион евро маяна алат. Мындан сырткары "Реалдын" президенти Флорентино Перес команданын трансфердик саясатын жүргүзүү укугун толугу менен Зиданга өткөрүп берди.

Зинедин Зидан 2016-жылдан 2018-жылга чейин "Реал Мадридди" машыктырып келген. Бул аралыкта ал 3 жолу Чемпиондор Лигасын, 2 жолу клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун, 2 жолу UEFA`нын суперкубогун жана бир жолудан Испания чемпиондугу менен суперкубогун жеңип алган. 2018-жылдын май айында өз каалоосу менен башкы машыктыруучулуктан кеткен.

Зидан кеткенден кийинки 9 ай аралыгында мадриддик клубду 2 машыктыруучу жетектеди. Өткөн жылдын август айында команданы колго алган испаниялык машыктыруучу Хулен Лопетеги 3 айдан кийин кызматынан бошотулган. Лопотегинин тушунда команда 14 оюн өткөрүп 6 жеңиш, 6 жеңилүү жана 2 жолу тең чыгууну башынан өткөргөн. Акыркы беттеште "Барселона" клубунан 5:1 эсебинде жеңилип, негизги атаандашты алдыга чыгарып жибергенине байланыштуу Лопотегинин ордуна аргентиналык Сантьяго Солари дайындалган.

Солари башында мадриддик клуб менен бир топ жеңишке жеткени менен, 27-февралдан 6-мартка чейинки аралыкта 3 жолу жеңилүү ызасын тартып, дээрлик 3 мелдештен байгелүү орунга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди. 27-февралда Испания кубогунун жарым финалында "Барселонадан" 0:3 эсебинде жеңилип мелдештен четтесе, 3-мартта испан чемпиондугунун алкагында жеңишти кайра эле каталондук клубга тарттырып жиберип, башкы атаандаштан 12 упайга артта калды. Ал эми 6-мартка караган түнү голландиялык "Аякс" клубунан ири эсепте жеңилип, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өтө албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Jomasport
2019-03-12 09:28:15
Кош келдин зизу
+8
kushu_bek
2019-03-12 10:35:06
Жакшы жанылык.Криш тоже келиш керекда
+13
Syimyk.isaev
2019-03-12 11:52:37
Легенда!
+4
jigit.paren
2019-03-12 12:11:09
Аа жакшы эми Зидан көтөрөт кайра Реалды
+10
Tyty1990
2019-03-12 12:38:29
Кудайга шүгүр Реал буйруса кырат четинен
+5
Bale1111
2019-03-12 15:53:46
Бардык мүмкүнчүлүктөр бар экен Зиданда быйылкы сезон аяктап калды кийинки сезондо реалдын алдынан эч ким чыкпайт атаандаш болуп
+5
kushu_bek
2019-03-12 15:59:43
Bale1111,буюрса дечи кагылайын
+3
demo009
2019-03-12 15:59:59
Барсалыктар өткөндө бизди маскарлап аттыңар беле,эми биздин көчөдө майрам башталды,жакшы тамада келди.
+6
tihonkg
2019-03-12 16:43:55
Ноо деген жери бар баары бир крирого топ жеткирип берип жаман уйронушкон эми Криронун ордун баса турган лидер керек болбосо кыйыныраакко
0
expert.007
2019-03-12 17:11:38
Зайнидин ака бирбала кылбасаңыз болбойт ака
+6
mr.ulan89
2019-03-12 18:39:43
Трансферр ойунчу тандоо укугу Зиданда экен да эми мыкты футболисттерди алып келет экен да Реалга.
+1
Daniel01
2019-03-12 18:57:06
Кайткан малда кайыр бар))
-1
ulanbek2000
2019-03-12 19:31:39
Коптон куткон кун дагы келди
+1
555-777
2019-03-12 22:18:55
Супердин Реалчылары атанар ажыдан келгенде да мынчалык суйунбосонор керек эле ээ?
+2
Nurbelek.
2019-03-13 00:58:56
555-777, Жардыңго брат жардың))))
ХХХХХ
+2
Kg.paren
2019-03-12 23:57:13
Барибир барсага жетпейко
+2
admin_portal
2019-03-13 15:48:33
ArgenMers, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан