super.kg logo

Казакстан жана Өзбекстан абасы булганган өлкөлөрдүн рейтингинде алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирди

 

Швейцариянын AirVisual компаниясы абасы булганган өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Рейтингде Өзбекстан 16-орунда болсо, Казакстан 20-орунга жайгашты.

Компаниянын расмий баракчасында жарыяланган маалыматка ылайык, Өзбекстанда абанын 1 куб метринде 34,3 микрограмм зыяндуу заттар камтылган. Ал эми Казакстанда абадагы зыяндуу заттар куб метрге 29,8 микрограммды түзөт. Рейтингге жалпы жонунан 73 мамлекет кирип, алардын арасында Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Түркмөнстан жок.

Абасы эң көп булганган өлкө катары Бангладеш табылган. Аталган өлкөдө 1 куб метр абага 97,1 микрограмм зыяндуу заттар туура келет. Алдыңкы бештикке Пакистан (74 микрограмм), Индия (72,5 микрограмм), Афганистан (61,8 микрограмм) жана Бахрейн (59,8 микрограмм) өлкөлөрү кирген.

Абасы таза өлкөлөрдүн сап башында куб метрге 5 микрограмм көрсөткүчү туура келген Исландия жайгашты. 2-орунда Финляндия (6,6 микрограмм), 3-орунда Австралия (6,8 микрограмм) турат. Алдыңкы бештикти Эстония (7,2 микрограмм) менен Швеция (7,4 микрограмм) толуктады.

AirVisual компаниясы билдиргендей, дүйнө жүзүндө булганган абанын кесепетинен жыл сайын 7 миллиондон ашык адам каза болот. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн 1 жылда дүйнөлүк экономика 225 миллиард долларга жакын каражат жоготот.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.03.2019. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
285
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
21-03-2019 19:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип эле Кыргызстан жок???
12.03.2019. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
21-03-2019 19:10
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзбек Казак менен коңшулаш, биз деле соо эмес болсок керек. Жэ аба чекарадан өтпөй аралашпай турабы
12.03.2019. 19:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
22-07-2016
Соӊку аракети:
21-03-2019 22:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Базарларды көргөндө Кыргызстанды биринчи орунга коюшат эле, базардын башынан аягына чейин таштанды
13.03.2019. 02:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
22-03-2019 00:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан просто илешпей калыптыр,даже текшерилген деле эмес ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124185;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: