super.kg logo

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 6 эсе жогору

 

Бүгүн, 13-мартта 8:00гө карата Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 6 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Чыгыш-5 кичи районунда учурдагы көрсөткүч - 151 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 73). Бул нормага ылайык көрсөткүчтөн 6,04 эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Көк-Жар кичи району - 35 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 75).

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши - 59 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 86).

Абдраев-Кайназарова көчөлөрүнүн кесилиши - 47 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 59).

7-кичи район - 24 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 56).

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.03.2019. 08:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
01-08-2016
Соӊку аракети:
21-03-2019 22:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган жалган жалган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124185;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: