super.kg logo

Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев соттун Алмазбек Атамбаев ар бирине 100 миң сомдон төлөп берет деген чечимине макул эмес

 

Саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун буга чейинки чечимине макул эмес. Маалым болгондой, аталган 3 саясатчы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана ал интервью берген "Апрель" телеканалынын үстүнөн сотко доо арыз жазышкан. 28-февралда бул боюнча соттук отурум өтүп, сот Алмазбек Атамбаевди алардын ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми "Апрель" телеканалы доогерлерге эфирдик убакыт берүү чечимин кабыл алган.

Бүгүн, 13-мартта КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев бул чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотко арыз жазышканын маалымдады. Айтымында, алардын ар бири буга чейин айтып келген 6 миллион сомдон акча төлөп берүү талабы менен сотко кайрылышкан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бири Алмазбек Атамбаевден жана "Апрель" телеканалынан 3 миллион сомдон талап кылып жатышат. Жалпы сумма 18 миллион сомду түзөт. Доогерлер телеканал алардын кадыр-баркына шек келтиргенин айтышкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү ыңкылаптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин белгилеген. Мындан улам алар бул маалыматтын негизинде "Апрель" телеканалын жана анын эфири аркылуу интервью берген экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен.

Экс-президенттин маеги бул шилтемеде.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.03.2019. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
25-03-2019 23:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+1
Казынадан миллион жегенден дагы онойурак миллион тапкын келсе бироого арыз жазып талап кылыш керек экен,жашоо ушулардыкы
13.03.2019. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
479
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
25-03-2019 13:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саясатчылар акчага алданбай мыйзамдуу түрдө жазага тартыш керек. Акчага алдансанар дагы мурунку жоругун кайталай беришет. Мыйзамдуу жазасын алышы керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124309;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: