super.kg logo

"Кырк чоронун" мүчөлөрү 8-мартта Бишкекте өткөн жүрүшкө уруксат бергендердин отставкасын талап кылып мэриянын алдына топтолду

 

Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдына 20-30 чакты адам топтолду. Көпчүлүгү "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, арасында Муфтияттын өкүлдөрү жана активисттер бар. Минитнгдин катышуучусу, активист Аманбол Бабакулов мында топтолгондордун талаптарын айтып берди.

Ал белгилегендей, бүгүн алар 3 талап менен чыгышкан:

1. 8-мартта Бишкектеги жүрүшкө уруксат бергендер жоопко тартылып кызмат ордунан кетсин.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар жана транссексуалдар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алсын.

3. Бийлик 1-майда өтө турган жүрүштү болтурбашы керек.

Митингде сөз сүйлөгөн Бабакулов бул жүрүшкө калкка көрүнүктүү адамдар да барып, жүрүштөгү айтылган талаптарды колдогону туура эмес болгонун белгиледи.

"Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Эдил Байсалов элге көрүнүктүү адамдар, бирок алар ушул жүрүшкө чыкканы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Алар кыргыздын менталитетине туура келбеген нерселерди пропагандалоого катышышты", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы.

8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы тынч жүрүшкө чыгышкан. Уюштуруучулар бул иш-чарага катышкандардын саны 500гө жеткенин маалымдаган. Акцияга катышкандар аялдардын укугун коргоо, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл буруу деген өңдүү чакырыктар менен чыгышкан. Бирок анын жүрүшүндө айрым катышуучулар ЛГБТнын желектерин жамынып, окшош жыныстуу мамилени колдоо чакырыктарын ачык жүргүзүшкөнү байкалган. Бул коомчулукту кыжырлантып, мындай максаттагы жүрүштөргө шаардык бийлик уруксат бербеш керек болчу деген сындарды айтышкан. Өз кезинде Бишкек шаардык мэриясы мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, тынч митингддерди өткөрүүгө эч кимге тыюу сала албай тургандыгын кабарлаган.

Ал эми "Кырк чоро" "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшкө чыгары белгилүү болгондо эле аларга каршы болуп, жүрүш учурунда аны үзгүлтүккө учуратабыз деген билдирүүсүн таратышкан. Бирок алар 8-март күнү аталган кыймылдын жүрүшүнүн катышуучуларын гүл менен тосуп алышкан болчу. Кийин "Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүштү уюштургандарды сотко берерин маалымдаган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
13.03.2019. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
25-03-2019 21:56
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстанда ким кантип жашайт чоролор чечпейт. Ушул 6 -5 чоролоду жон койсон ким кантип басыш керек, каяка караш керек, эмне кылыш керек ушулар чечиш керек бекен.
zhaku2017 түзөттү 2019-03-13 12:22:00
13.03.2019. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
22-10-2017
Соӊку аракети:
24-03-2019 18:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Муфтияттын саясатка аралашып жатканы олкого жакшылып алып келбейт. Эртен булар аялдарды башкара турган оздорунун арабтардын шариятын тануулай башташат. Эртен булар аялдарды кочого чыкпагыла, чумконуп чыккыла, эркекти карабагыла деген сыяктуу мыйзамдарын айта башташат. Эл арасында болуп жарып жаткан чоролоду тез арада жоюп, мындай уюмдардын тузулушуно жол берилбеги керек.
13.03.2019. 12:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
19-08-2018
Соӊку аракети:
16-03-2019 01:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырк чорону уюм катары каттоодон откоргон Юстиция министрилигин текшериш керек. Бул уюмдун уставын окуп чыгуу керек.
13.03.2019. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
25-03-2019 23:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+4
Кыргыздардын баарын мусулман деп айтсак терен жанылышат экенбиз,арабызда исламга кыргызга душмандар коп экени окундурот,булардын оюнча биздин кыздар жыланачтанып жургону жакшы экен да,кырк чоро аялдар эле эмес кытайлар маселеси м.н дагы курршуп келе жатат,силерге Кытай каптаса деле баары бир го дейм,силердин кыргыз экенинерден да кумонум бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124309;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: