super.kg logo

8-марттагы жүрүшкө уруксат бергендердин отставкасын талап кылып Ак Үйгө баргандардын катын Жогорку Кеңеш кабыл алды

 

Бүгүн, 13-мартта "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, бир катар активисттер Бишкек шаардык мэриясынын алдына топтолушуп, талаптарын айтышты. Алар негизинен 8-мартта Бишкекте өткөн жүрүшкө уруксат берген аткаминерлердин отставкасын талап кылууда. Митингден кийин топтолгондор мэриядан Ак Үйгө чейин жөө жүрүш жасашып, Ак Үйдүн алдына келишти. Алар президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана өкмөт башчыга кайрылуу катын жазышкан.

Жолугушуу үчүн Жогорку Кеңештин каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн кызматкери чыгып, катты кабыл алды. Ал 14 күндүн ичинде катка жооп боло турганын айтты. Эми активисттер президент менен өкмөт башчыга кайрылуу катын беришерин айтышууда.

Катка алар 3 талапты жазышкан.

1. 8-мартта Бишкектеги жүрүшкө уруксат бергендер жоопко тартылып кызмат ордунан кетсин.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар жана транссексуалдар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алсын.

3. Бийлик 1-майда өтө турган жүрүштү болтурбашы керек.

Окуянын чоо-жайы.

8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы тынч жүрүшкө чыгышкан.Уюштуруучулар бул иш-чарага катышкандардын саны 500гө жеткенин маалымдаган. Акцияга катышкандар аялдардын укугун коргоо, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл буруу деген өңдүү чакырыктар менен чыгышкан. Бирок анын жүрүшүндө айрым катышуучулар ЛГБТнын желектерин жамынып, окшош жыныстуу мамилени колдоо чакырыктарын ачык жүргүзүшкөнү байкалган. Бул коомчулукту кыжырлантып, мындай максаттагы жүрүштөргө шаардык бийлик уруксат бербеш керек болчу деген сындарды айтышкан. Өз кезинде Бишкек шаардык мэриясы мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, тынч митингдерди өткөрүүгө эч кимге тыюу сала албай тургандыгын кабарлаган.

Ал эми "Кырк чоро" "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшкө чыгары белгилүү болгондо эле аларга каршы болуп, жүрүш учурунда аны үзгүлтүккө учуратабыз деген билдирүүсүн таратышкан. Бирок алар 8-март күнү аталган кыймылдын жүрүшүнүн катышуучуларын гүл менен тосуп алышкан болчу. Кийин "Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүштү уюштургандарды сотко берерин маалымдаган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124185;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: