super.kg logo

Жарандык активист: "Балдардын, аялдардын укугу корголбой жатканда активисттер митингге чыгышкан эмес"

 

Бүгүн, 13-мартта "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, Муфтияттын өкүлдөрү жана жарандык активисттер Бишкек шаарынын мэриясынын алдына 8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын өткөргөн жөө жүрүшүнө каршы митингге чыгышты.

Анда өзүн жарандык активист деп тааныштырган Адилет Али ЛГБТны пропагандалоого каршы экенин айтты.

"ЛГБТны пропагандалоого каршымын. Бирок көйгөй мурда деле болгон, аны жокко чыгарып, жашырсак жок болуп кетпейт. Укук коргоочулар, кыргыздын келечегине күйгөндөр ушул маселени чечүү боюнча талкууга барышы керек. Буга чейин балдардын, аялдардын укугу корголбой жатканда активисттер митингге чыгышкан эмес. Бүгүн бул жерге келген көпчүлүк молдолор башка учурда унчугушпайт. Бул маселени мынчалык ырбатуунун кереги жок. "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" деген кыргыздын сөзү бар. Өрт өчкөндөн кийин бул маселени кайра көтөрүүнүн кажети жок", - дейт ал.

Окуянын чоо-жайы

8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы тынч жүрүшкө чыгышкан. Уюштуруучулар бул иш-чарага катышкандардын саны 500гө жеткенин маалымдаган. Акцияга катышкандар аялдардын укугун коргоо, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл буруу деген өңдүү чакырыктар менен чыгышкан. Бирок анын жүрүшүндө айрым катышуучулар ЛГБТнын желектерин жамынып, окшош жыныстуу мамилени колдоо чакырыктарын ачык жүргүзүшкөнү байкалган. Бул коомчулукту кыжырлантып, мындай максаттагы жүрүштөргө шаардык бийлик уруксат бербеш керек болчу деген сындарды айтышкан. Өз кезинде Бишкек шаардык мэриясы мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, тынч митингдерди өткөрүүгө эч кимге тыюу сала албай тургандыгын кабарлаган.

Ал эми "Кырк чоро" "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшкө чыгары белгилүү болгондо эле аларга каршы болуп, жүрүш учурунда аны үзгүлтүккө учуратабыз деген билдирүүсүн таратышкан. Бирок алар 8-март күнү аталган кыймылдын жүрүшүнүн катышуучуларын гүл менен тосуп алышкан болчу. Кийин "Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүштү уюштургандарды сотко берерин маалымдаган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
13.03.2019. 15:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
29-12-2017
Соӊку аракети:
13-03-2019 16:08
Жынысы:
Белгисиз
-3
Киши олтуруп, кыздарды зордуктап кетип жатканда ушул чоролор менен молдолор унчуккан эмес. Бурулайды ала качып барып олтуруп коюшканда чоролор м-н молдолор унчукпай отурушпады беле. Кыргызстанда канча деген аялдар зордук зомбулукта жашап жатканда эч ким унчукпай жатасынар. Мындай эки жуздуулукту чоролор м-н молдолордон кордук. Унчукпай отура берсе Чоролор м-н молдолор бийлике жана коомго башка талаптарын кое беришет. Ошондо коомдо болуну башталат. Ар ким жашоосу учун озу учун жооп берет.
Ka2sr1 түзөттү 2019-03-13 16:06:41
13.03.2019. 16:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
29-12-2017
Соӊку аракети:
13-03-2019 16:08
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жанагы депутат Мусабекова деген айым кыргыз айымдарына кыйын учурда бир барып жардамын берген эмес. Эми минтип чоролордон кем калбай озун пиярлап чыга келиптир. Озуунан чириген создор менен бир журналистти интернеттен согунуп жатканын коруп кыргыз аялы кантип ушинтип согунчу эле деп койгом. Эми минтип олумуш болуп калыптыр.
Ka2sr1 түзөттү 2019-03-13 16:07:55
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124185;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: