Лейлекте бадам гүлдөдү. Окурмандар жыпарын чачып, гүлдөп калган бадамдын сүрөттөрүн "ЭЛДИК КАБАРГА" жиберишүүдө.
Бадам – роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак жана бадал. Мекени – Батыш жана Орто Азия, Жер Ортолук деңизинин жээктериндеги өлкөлөр. Республикабыздын түштүгүндө таш-шагылдуу бөксө тоолордо, таштак адырларда жапайы түрүндө өсөт жана атайын өстүрүлгөндөрү да кездешет. Кургакчылыкка чыдамдуу. Таттуу жана ачуу сорттору бар. Кээ бирлеринин кабыгы жука, айрымдарыныкы калыңыраак. Гүлдөрү түрүнө карап ак, күлгүн, кызгылт болот.
Кыргыз өлкөсүндө 5 түрү кездешет: кадимки бадам (же таш бадам), Петунников, Бухара, тикенектүү (же чингил бадам) жана Сузак бадамы. Булардын ичинен Петунников бадамы 1985-жылы Кызыл китепке киргизилген. Бадамдын тамыры узун болгондуктан жер кыртышын бекем кармап, жер көчкү, таш көчкүлөрдүн жүрүүсүнүн алдын алат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.