Активист Адил Турдукулов: "Купуя сыр болбосо сот процесси сөзсүз түрдө ачык болушу керек"

Өткөн жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсык андагы алешемдиктердин ачыкталышына себеп болду. Кырсыктан кийин ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган, бирок жыйынтык болгон жок деген сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тергөө иштери ЖЭБди жаңылоодон өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканын көрсөткөн. Ал эми "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан 8 аткаминердин кылмыш иштери Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн. Буга чейинки соттук уктурууларда алардын жактоочулары отурумдар ачык өтсүн деген өтүнүчтөрдү келтирерин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгону коомчулукка кеңири айтылган. Бул ишти кароодо сот процесси да ачык болгону туура болот беле?" деген собол салды.

Суроого жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди. Ал Бишкек ЖЭБди жаңылоо иши боюнча соттук процесс элдин назарында болгондуктан ачык болушу шарт деген пикирде.
“Негизи соттук отурумдар сөзсүз түрдө ачык болушу керек. Анткени ЖЭБди жаңылоо боюнча сот процесси элдин назарында. Бийликтин дагы коррупция менен күрөшүү аракети ЖЭБден башталып жатат. Анын жыйынтыгы канчалык адилеттүү, ачык болсо эл бийликтин айткан убадаларына ишенип баштайт. Эч кандай купуя сыр болбосо сот процесси сөзсүз түрдө ачык болушу керек. Кээ бир документтерде купуя сыр болушу мүмкүн. Бул жерде Кыргыз мамлекети менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамиле да бар. Жабык маалыматтар болушу ыктымал. Ошол маалыматтар чыгып кетсе 2 мамлекеттин ортосунда кандайдыр бир маселе жаралышы мүмкүн. Ошондуктан бийлик, укук коргоо органдары сот процесси эмне себептен жабык болгонун түшүндүрүп бериши керек”, - дейт Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Ирина Карамушкина, Мирлан Жээнчороев, Мирлан Бакировдун пикирин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан