Борбор калаада MMA боюнча өлкөнүн ачык чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарында 5-жолу MMA боюнча өлкөнүн ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу ММА жана Панкратион федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия борборунда өтөт. Жалпы 16 комплект медаль ойнотулуп, 18 жаштан жогорку эркектер жана аялдар катышат. Жеңүүчүлөр ММА жана Панкратион боюнча өлкөнүн курама командасына кабыл алынат.

Мындан сырткары 12-13, 14-15 жана 16-17 жаштагы спортчулар арасында да чемпиондор аныкталып, жогорудагы 3 категория боюнча 29 комплект медаль ойнотулат.

Мелдеш 23-мартта башталып, жарым финалдык жана финалдык беттештер 24-мартта жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан